Мира Карыбаева Президенттик Аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Карыбаева Мира Аскеровна ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу