Мира: «Атам тааныбаган жигитке күйөөгө берем дейт…»

Мира болгону 17 жашта. Аны атасы чоочун адамга күйөөгө берүүгө ниеттенип жүрөт. Туугандары да “качан турмушка чыгасың?” деп кайра-кайра сурай беришет.

Биздин үй-бүлөдө кыз болуп төрөлүү – бирөөнүн менчиги болуу дегенди түшүндүрөт.

Үйдөгү жумуштан колум бошобойт. Эки инимди карайм, тамак жасайм, кирлерди жууйм, кечкисин төшөктөрүн салам, таң эрте туруп уйларды бадага кошом. Башында баарын эжем жасачу. Кызык, азыр ойлосом эжемдин күлүп жүргөнү эсимде жок экен.

Атам эркелетпейт. Кокустан  көчөдөн жолугуп калсак унчукпай өтүп кетет. Байкемди, инилеримди жакшы көрөт, тамашалашып, чогуу олутуруп алып кино көрүшөт.

Кээде апама ачуум келет. Кыздын тагдыры ушундай болот дегенсип бизди корумак тургай, кайра кара жумушка салат.

5-класс болчум. Үйгө кишилер келип, атам менен көпкө сүйлөшүп отуруп кетишти. Эжем экөөбүз манты жасап жатканбыз. Атам келип:

— Анара, бир жумадан кийин турмушка чыгасың. Апаңа айтып койдум. Эртең базарга түшүп келгиле.

Эжем унчуккан жок. Бир топтон кийин жайып жаткан камырынын үстүнө көз жашы тамчылап түшө баштады. Шаардан жаңы эле келген, 2 – курста окучу.

Быйыл мектепти бүтүп, окууга тапшырдым. Ата-энемди кыйнабайын деп бюджетке өттүм.

Кечээ апам чалды. Тааныштары үйгө куда түшүп келиптир. Атам каршы болбоптур. Кыскасы, турмушка чыгышым керек экен.

Азырынча күйөөгө тийгим келбейт, окуйм дедим. Апам уккан жок. Ачууланып: “Мен эжемдей бактысыз болгум келбейт”, -деп телефонду коюп койдум.

Бир жумадан бери үйдөгүлөр менен сүйлөшө элекмин. Апамды атам жеп жатса керек.

Сурайын дегеним, ата-энемди кантип ынандырсам болот? Ата-энем деп эле ар бир сөзүн уга беришим керекпи? Кээде качып кетким же өлүп алгым келет. Мен болгону сүйгөн адамыма турмушка чыккым келет.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу