Минур Алтынбеков, «Жебе» тобунун ырчысы: «Жакшы кызды колдон чыгарбоо керек да…»

Биз, эркектер ар кандай кыздарды жактырып жүрө беребиз го. Анан үйлөнөргө келгенде татыктуусун тандап калабыз. Ошентип тандап отуруп Жазгүлдү интернеттен көрүп калып жактырдым, 3 жыл сүйлөшүп анан үйлөндүм. Жакшы кызды колдон чыгарбоо керек да. Келинчегим тарбиялуу үйдүн кызы экен. Аны сүйлөшүп жүргөндө байкадым. Өтө токтоо, сабырдуу, жөнөкөй, ыймандуу. Мына, үйлөнгөнүбүзгө 3 ай болду, ошол калыбынан эч өзгөргөн жок. Уйдө ата-энем менен чогуу турабыз. Кабагым- кашым дебей чайын берет, тамагын даярдап, келиндик милдетин сонун аткарып жатат. Бир да жолу уктап калып же тамагы убагында бышпай калып жүдөгөнүн көргөн жокмун. Жаңы келгенде бир курдай курч бычакка колун кесип алып, анысы аз келгенсип эшикке колун кыпчытып алып ыйлаганы эсимде.

БУЛАК: Леди.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу