Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарындагы карылар үйүндө улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата маданий иш чара өтүп жатат. Аталган карылар үйүндө Ч.Айтматовдун 99 жаштагы мугалими Анна Крамарева жашайт.
Иш-чарага Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышып, Ч.Айтматовдун өмүр таржымалына токтоп, анын мугалимине ден-ден соолук каалап, гүл тапшырды.
Карылар үйүнүн жашоочулары Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып, спектакль көрсөтүштү.
Иш-чара соңунда министр карылар үйүнүн абалы менен таанышып чыкмакчы.
Учурда карылар үйүндө 194 улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт.