МИНИСТР ТАЛАНТБЕК БАТЫРАЛИЕВ ЖОГОРКУ СОТТУН ЧЕЧИМИН УРУП ОЙНОБОЙБУ?

Араван райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун мурдагы жетекчиси Санабар Турдукулова бизге кайрылып, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев аны жумуштан негизсиз кетиргени тууралуу билдирди.

Айтымында, министр Турдукулованы 2016-жылдын 24-мартында ФОМСтун жүргүзгөн ички аудитинин негизинде жумуштан кетирген. Натыйжада ишинен айрылган бул айым Жогорку сотко кайрылып, утуп чыккан дагы министр эмгек келишимин түзүү үчүн аны министрликке чакырган.

“2017-жылдын 26-июлунда анын кабыл алуу бөлмөсүндө саат 14:00дөн 19:00гө чейин отурдум, министрдин жардамчысы менин 2016-жылдын 20-майынан 14-июнуна чейин ооруканада болгондугум тууралуу түшүнүк кат жазуум керектигин айтты. Мен жазып бердим. Саат 19:00гө жакын мени башка кбинетке чакырышып ошол күну жазган түшүнүк катымды бетке кармап министр мени кайрадан жумуштан кетирип жиберди”,-дейт ал.

Ошондой эле  Санабар Турдукулова ооруп жатканда жөнөкөй эле доктур болгонун, ал учурда жетекчи эсем экендигин билдирген.

“Ооба менин ооруканага көрүнөрүм тууралуу бланкты октябрь айынын башында беришкен, анткени 2016-жылдын май айынан сентябрь айына чейин бланк жок болчу. 32 жыл медицина жаатында эмгектендим. “Кардым  эмес, кадырыма капамын” дегендей коомдук байкоочу кеңешке кайрылып адилеттүүлүк издедим.  Жогорку соттон утуп чыксам дагы мени кызматыма койбой жатканы сенсация эмес, себеби Батыралиев мыйзамды көзгө илбей келет”,-дейт ал.

Араван райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун мурдагы жетекчиси учурда министр тарабынан кодулоого туш болуп жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Талантбек Батыралиев коомдук байкоочу кеңешке нааразычылыгын билдирип, алар Араван райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчисин кайра кызматка коюу үчүн ар кандай каралоого барып жатышканын айткан болчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу