Министр Таалайкүл Исакунова бюджеттик каражатка үй-бүлөсү менен саякаттайт

Депутат Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министри менен анын орун басарларынын мамлекеттик казынанын эсебинен чет элдеп жүргөн турнелерин эсептеп берди. Болгондо да, чиновник айымдар жетекчилер эмес, адистер барып тажрыйба топтоп келүүчү сапарларга өздөрү барып, анан калса күйөөсүн, балдарын, кайын туугандарын кошо ээрчитип жүргөнү, мындай саякаттарда дипломаттык паспортун колдонгону, премьер-министр уруксат бербей койгон сапарларга да өз билемдик менен кетип калышканы айтылат. Бул маалыматтар Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында алынган.

— 2017-жылдын 2-8-февралында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жолдошу, кайын туугандары менен чогуу Сауд Аравиясына барган. Сапардын бардык катышуучуларынын транспорттук чыгымдары министрликтин бюджетинен жабылган.

— 2017-жылдын июнь айында министр Т.Исакунова жолдошу жана уулу менен бирге Швейцарияга барган, жол чыгымы министрлик тарабынан төлөнгөн. Таалайкүл Исакунова мамлекеттик бюджеттен атайын иш-чарага катышуу үчүн барганы менен, ага катышкан эмес, убактысын эс алууга жумшаган. Бул маалыматты депутат айым Кыргызстандын Швейцариядагы расмий өкүлүнө таянуу менен айтты.

— 2017-жылдын 6-10-ноябрында министр Т.Исакунова АКШга жолдошу жана эки уулу менен барган. Премьер-министр бул сапарга барууга макулдугун бербегендигине карабай, эмгек өргүүсүн алып, кетип калган. АКШдан ары 13-15-ноябрда Аргентинага учушкан. Мында да премьердин уруксаты болгон эмес.

— 2017-жылдын 16-18-ноябрында министр Т.Исакунова Санкт-Петербург шаарына барган. Өкмөт башчынын уруксаты болгон эмес, эмгек өргүүсүн алып кетип калган.

— 2018-жылдын 22-28-июлунда министр Т.Исакунова жолдошу жана баласы менен чогуу Лондонго барган.

— 2017-жылдын июлунда Италиянын Турин шаарына министрликтин адисинин ордуна министрдин орун басары барган.

— 2018-жылдын апрель-май айларында Нью-Йоркко окууга Дүйнөлүк банктын кредиттик каржылоосунун эсебинен министрдин орун басары барган.

— Министрдин орун басары дипломаттык паспортун колдонуу менен Хайнань аралына барып эс алып келген.

— Министрдин орун басары Зууракан Каденова да эмгек өргүүсү учурунда дипломаттык паспортун колдонуу менен, иш сапар деп аталган саякатка барган.

Мына, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги (башкаларда да) адамдык капиталды өнүктүрүү максатында жумшалуучу каражатты жетекчилер өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына колдонгонунун ачык мисалы. Адистердин потенциалын өнүктүрүү үчүн келген чакыруулар министрлер жана орун басарлардын саякатына жол ачып берет.

Эл аралык уюмдардан Кыргызстанга көп акчалар келет. Алар балдарга, жакыр үй-бүлөлөргө, жакыр катмарларга келет. Бул каражаттар министрдин же алардын туугандарынын чет өлкөгө саякатташына жумшалбашы керек. Эл тишинин кирин соруп, тыйынды-тыйынга кагып жашап жатканда, ойсоке министрлердин чартаңбай тээп жатышы алардын мыйзамды көзгө илбей, убал-сооптон коркпой калганын билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу