Министр Батыралиев, баланын башын жулуп алган акушерди эмне кыласыз?

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жетекчилик сапатын көрсөтө албай койду. Өз каалоосу менен кызматын тапшырып берип кетип калса, жалпы кыргыз элинин сообуна калаар эле. Медицина тармагында болуп жаткан үрөй учурган фактылар катталууда. Муну менен Батыралиевдин түнкү уйкусу кантип тынч болуп жатат белгисиз.

Мына кечээ жакындан бери Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө акушер- врач толготуп келген келинди төрөтөм деп ымыркайдын башын жулуп алгандыгы боюнча маалымат коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салып жатат. Бул маалымат журналисттерге жетпегенде жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак экен. Адам өмүрү менен кош айтышкан төрөт маселеси учурдун көйгөйү болуп жатат. Бул жаатта конкреттүү түрдө иш алып барган жетекчи жок. Баары эле галдирбайлар. Батыралиев болсо ишти кайсыл жагынан баштаарын билбей башы маң болуп жүргөнсүйт. Кимдир бирөөнү кызматтан алганды, кызматка койгонду, чындыкты сүйлөгөндөрдү куугунтукка алганды эң жакшы өздөштүргөн экен.

Булак: “Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу