Министр айым кулак салсаңыз!

Эгемендик алгандан бери өлкөдөгү билим берүүнүн акыбалы начарлап, мектеп
окуучуларынын жалпы билим деңгээли кескин түшүп кеткени боюнча коомдо көптөн
бери маселе байма-бай көтөрүлүп келет. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Билим берүү жана
илим министрлигин жетектеген министрлердин бирөө да жагдайга олуттуу көңүл буруп,
билим берүүнүн сапатын оңдоого жан дили менен далалат жасаган жок. Советтер союзу
тарап, коом өзгөрүлгөнү менен китеп, окуу усулдардын маани-маңызы ошол эле бойдон
калды. Стандарттар азыркы заманбап турмушка дал келгидей бекилген жок. Китептер
жетишпейт. Канчалаган мыкты адистер мектептерди таштап кетишти. Акыркы жылдары
министрлик мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө. Бирок бул маселени толугу менен
чечпейт. Анткени билим берүү системасын өзгөртмөйүн алдыга жылыш болбойт.
Талаптар жаңыланышы керек. Андан соң, жаңы талаптарга ылайык болгон
мугалимдерди даярдоо зарыл. Ошол мугалимдер окуучуларга жаңыча методика менен
билим бере баштаганда гана абал жакшырат. Андыктан министрлик окумуштууларды,
адистерди координациялап, биздин элдин талабына шайкеш келген заманбап, жаңы
моделди таап кабыл алышы күндүн күрөө тамыры болуп турат. Ушул нерсени Билим
берүү министри Гүлмира Кудайбердиева колго алса жакшы болот эле. Акыры бул ишти
бирөө башташы зарыл го. Качанкыга дейре кайдигерлик менен кирип-чыкканга ыраазы
болуп жашай беребиз? Өлкөнү өнүктүрөлү десек билим берүүнүн сапатын тез арада
оңдоп, билимдүү жаштарды тарбиялап өстүрүү зарыл. Болбосо азыркы таз кейпибизден
чыкпайбыз…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу