Министрлер ишине олуттуу мамиле кылбаса, креслосунан айрылат

Жогорку Кеңеште 29-ноябрда өткөн жыйында мамлекеттик инвестициялык программалар тууралуу маселе каралган. Анда премьер-ми­нистр Сапар Исаков кайсы мекеме өзүнө бөлүнгөн жумушту аткарбаса чара көрүлө турганын, жоопкерчиликсиз жетекчилер кызматтан кетерин белгиледи. Чын да, эй! Биздикилер саны көп, сапаты жок болуп, «ит итти жумшаса, ит куйругун жумшайт» болуп, жумушуна жетишээрлик деңгээлде мамиле кылбаган, мамлекет үчүн эмес, жеке керт башы үчүн үзүлүп түшүп иштеген министрлерден арылып, мамлекетке зыянынан башка пайдасы тийбеген аткаминерлердин санын кыскартып коюуга эмнеге болбосун. Бул маселе боюнча жаш өкмөт башчысын бүткүл кыргыз эли төрт колдоп колдоору анык.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу