Министрлер да жалганчы, жардамчы, жанбакты жансакчыларды кыскартыла!

Мухаммедкалый Абулгазиев премьер-министр болуп келгенде мамлекеттик кызматкерлердин санын 10 пайызга кыскартып, мекемелердин түзүмүн оптималдаштырып, жылына 200 миллион сомдой каражат үнөмдөөнү пландап жатканы кабарланган. Буга байланыштуу коомчулукта нааразы болгон ар кандай сындар айтылган. Мына ушул эл арасында кызуу талкууланып жаткан маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков: «Эмне үчүн бизде, ЖК депутатында бир эле жардамчы бар, шоопурубуз да жок? А бир министрди он киши тейлейт. Жалганчы жардамчыларын, жанбакты жансакчыларынын баарын жайнатып жанында алып жүрөт. Элди ошолор иренжитип жатат. Кыскартсын, аппаратта жайнап жүргөн туфлиси кычыраган, костюм-шым кийген, компьютерден башканы билбеген балдарды. Айылда 2-6 миң алгандарды кыскартып жатасыңар. Бул туура эмес» – деп, ташка тамга баскандай айтты.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу