Министрди арбаган келин

Жаз мезгили. Жаңыдан гана бактар бүрдөп, айлана жашыл түскө боёлуп, жаздын жыты жыттанып баштаганда министр Жолдубай Макешов иш сапары менен Баткен облусун көздөй жөнөдү.

Жашы эми гана кырктын кырынан ашып, болуп-толуп турган Жолдубай мырза өз ишине тың анан убадага бек жигит. Ушул сапаты болгон үчүн кызматынан тез көтөрүлдү.

Жолдо карата болгон дитин бир гана жасай турган иши ээлеп алгандыктан ой чүмбөтүнөн чыга албай, көзү жолду караганы менен жасай турган иши оюнан чыкпай койду.

Качан гана бара турган жерине келгенде машинадан түшүп, колун сунуп керилип алды да, күтүп турган кишилер менен кол алышып учурашты. Бул жакка ушуну менен экинчи жолу иш сапары менен келиши.

Эл эбак жыйылып, боло турган жыйналышты күтүп калган экен. Аким баш болгон беш алты киши секичеде коюлган столдон орун алып олтурушту.

Жыйынды аким өзү ачып азга сүйлөп, анан сөз кезегин Жолдубайга берди.  Качан министр олтурган ордунан туруп, трибунага чыгып сүйлөп жатып өзүн телмире тиктеген келинге көзү урунду. Анын көз карашы эмнегедир такыр  башка ойду ойлогонго түрткү берди. Сүйлөп жатып башка жакты канчалык караса деле тиги келиндин тикирейе караган көз карашынан кутула албай, улам ал жакты карап алып жатты. Качан  сүйлөп болуп, кимде суроо бар? — деп элге кайрылганда  алдыңкы катарда олтурган, алиги жашы жыйырманын сегизине жаңы чыккан келинге көзү дагы урунду. Бирок бул жолу анын ушундай бир жагымдуу көз караш менен карап турганына ичи жылый түштү. Аңгыча бир карыя суроо берип калды:

— Жолдубай уулум, бул ишке келгени сен биздин жерге экинчи жолу келип олтурасың, баягы берген убадаңды качан аткарасың? — деди. Жолдубай эми гана берген убадасын эстеп:

— Ал маселе жакында эле жогорку кеңеште каралып, эми ишке ашканы калды. Буйруса ал иштин аягына чыкканга чейин дагы көп жолу келем го деп, тиги келин уксун дегенсип басым менен айтты да, ордуна келип олтуруп, кайра келинге көзүн кадады. Аттиң, бул тиктешүүнүн артында эмне деген арзуу, эмне деген улуу сезимдин күчү жатканын курган министр дароо байкады.

Чогулуш аяктап, ысык тамак ичүү үчүн аким өзүнүн үйүн көздөй алып жөнөгөндө, Жолдубайдын карегинде калган алиги келиндин сыйкырлуу көз карашы түбөлүккө сакталып калды белем, эмнегедир артын улам-улам кылчактап караганга дагы үлгүрдү. Билинбегени менен бул арзуу деген неме келип кете берүүчү сезим беле ким билет. Тамак ичип олтурганда дагы эмнегедир көңүлү алагды болуп, алиги келинди дагы бир жолу көргүсү келип, ичинен эзилип алды. Кап, анын кайда иштээрин жана аты жөнүн дагы билбейт да. Болбосо бир эбин таап сөзгө тартат беле ким билет. Айткандай аким баамчыл киши. Баамчыл болгон үчүн ушул даражага жетти да. Эчак эле министрдин ал келинге көзү илинип калганын байкаган, бирок ага  жолуктуруунун амалын кантип табуу керек экенине акылы жетпей турган.

Министр эки күнгө келген. Бүгүнкү күн ушуну менен аяктап, кийинки күнү чарбаны кыдырууну эп көрүшкөн.

Жолдубай кечинде ыңгайлуу шарты бар мейманканадан орун алган кезде, күтүүсүз жерден алиги келин өзү эшик чертип кирип келип калды. Албетте бул дагы акимдин амалы менен аткарылган иш эле.

Жаңы эле келинди эстеп, ага кантип жолугууну эңсеп турган Жолдубайдын көктөн издегени жерден табылгандай эле иш болду. Бирок экөө эн жерден жолугушканы менен ачылып сөз сүйлөшө алышкан жок.  Келин абдан уяңдык кылды андан дагы министр өзүнүн ордун билип, ашыкча сөз айткан жок. Экөө алгач таанышканга өтүштү.  Жолдубай өтүмдүүлүк кылып:

— Ысмыңыз ким? — деген болду. Келин аста гана:

— Ариет — деп жооп берип, башка сөз айта албай кысынып кетти. Алиги жыйналыштагы тигиле караган көз карашы мокоп, уялчаак болуп чыга келгенине Жолдубай абдан таң калып:

— Эмне ишиңиз бар эле менде? — дегенде гана келин:

— Эч ишим деле жок болучу, болгону сиз менен таанышканы келгем. Ушул сөздөрдү айтканда сүрдөгөндөн үнү дирилдеп, жүзү кызарып чыкты. Жолдубай өзүн эркин сезип:

— Мына эми таанышып да алдык, баса жолдошуң барбы? Келин акырын башын жерден көтөрбөгөн тейде:

— Ажырашып кеткенбиз. Сизди мен биринчи келгениңизде да көргөм. Ушул айтылган сөздөн Жолдубай дароо сөздүн төркүнүнө түшүнүп, келинди жалооруй карады. Аттиң, сүйүүнүн азабы. Болбосо ушул жерге чейин келет беле деп ойлоп:

— Макул, анда менин иштерим бар эле, дагы жолугушарбыз деп, айтып алып, туура эмес кылганына өкүнүп келиндин кетиргиси келбей кетти. Анткени ал ушундай  бир башкача көз караш менен жалооруй карап:

— Макул, мен сизди эч качан эсимден чыгарбайм деп айтып, сыртка чыгып кетти. Келин кеткенде Жолдубай ээн талаада жалгыз калган кишидей өзүн жалгыз сезип ички сезими жанын жай алдырбай кыйнап, бир келген шартты колдон чыгарып жибергенине ичи муздап, көңүлү кирдеп, өзүн-өзү жек көрүп бир орунга тура албай ары-бери баса берди.

Эртеси бирок ал келинди жолуктура алган жок.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу