Саламаттык сактоо министринин кымбат автоунаасы өкмөттүн гаражына киргизилди.
Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова 31-январдагы отурумда айтып чыкты. Анын айтуусунда, коомчулуктун кескин сынынан кийин Саламаттык сактоо министрлигине сатылып алынган кымбат баалуу автоунаалар өкмөттүн гаражына өткөрүлүп берилген.
— Бул автоунаалар эмне үчүн өкмөттүн гаражына киргизилди? Эмне, алар менчикке чыгарылабы? Эмнеге мындай кымбат автоунаалар сатылып алынган, эмне үчүн аларды аймактарга беришкен жок? — деген суроо берди депутат.
Булак: Азаттык