Миллиардаган дайны жок жоголгон акча эми 8-июнда митингде чачылабы?

КСДП партиясы 8-июнда саат 11-де «Форумдун» имаратынын алдында өлкөбүздө жүрүп аткан коррупцияга каршы күрөшкө каршы митинг болот. АША КСДП партиясынын төрагалыгынан да, мүчөлүгүнөн да кеткенин жар салган. Бирок КСДП партиясынын жетекчиси башка, штаб жетекчиси Фарид Ниязов 8-июнда боло турган митингге өзүнүн жеке кызыкчылыгында өткөрө турган митингине көбүрөөк адам топтоо үчүн киши башына 5000 сомдон акча таратып жатат имиш деген кеп бар. Фарид Ниязов акчаны президенттик шайлоодо топтоп алган, эми элдин миллиарддарын элге чачкан жаткандай. Ал 1 миллиард 100 млн сом жана 6,8 миллион долларды кайдан тапканы белгисиз мурунку шайлоодо короткон деп чыккан. Же Бабановдой олигарх болбосо. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 158 миллион эле сом коротту деп калпты быдылдаган. Бирок бирин — бири чукуп отурушуп, Фарид Ниязов жетектеген штаб миллиардаган акча короткону белгилүү болгон. Фарид Ниязов миллиарддын 100 миллионун жесе да калган акчаны добуш сатып алууга жумшагандыр. Анан кантип ошол президенттик шайлоодо добуш сатып алынбай таза өттү деп эсептейбиз?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,

«NazarNews.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу