Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Өзгөн районунун аймагында атайын катылган жайдан «РГД-5» үлгүсүндөгү кол гранатасы, 2 тротил шашкасы, «Калашников» автоматынын он жети огу, колдо жасалган ок атуучу курал, «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды.
Милиция бул куралдар «террордук иш-аракеттерди жасоо үчүн даярдалган» деп маалымдады. Аларды Өзгөн шаарынын тургундары, 39 жана 43 жаштагы ага-ини катканы аныкталган. Маалыматка караганда, алар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болушкан.
Ошондой эле өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук уюмдун активдүү мүчөсү Сиражиддин Мухтаров ( каймана аты “Абусалох”) менен тыгыз байланышта болгону жана Сирияда согуштук аракеттерге катышканы, ага-инилердин бири ал жактагы топтордун биринин лидери экени жазылган милиция тараткан маалыматта. Азыр шектүүлөргө издөө жарыяланды.
Табылган курал, ок-дарылар боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө уланып жатканы кабарланды.
Булак: Азаттык