Милиция кызматкерлери министрдин орун басары акча талап кылгандыгын айтып чыгышты

Бишкекте шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ички иштер министрлигинин орун басары Данияр Абдыкадыровго нааразычылыгын билдиришип министр Улан Исраиловго кайрылышты. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 11-шаардык милициянын бөлүмүнүн кызматкерлери «Дордой» базарынын коопсуздугуна жооп беришет. Алардын айтымында, Бишкек ШИББнын жетекчисинин орун басары Мирлан Муктаров жана ИИМдин министринин орун басары Данияр Абдыкадыров милиция кызматкерлерин «отметка» кылууга мажбурлашып жүрүшкөн. Ким баш ийбесе кызматтан алабыз деп
коркутушкан.

ИИМ менен ШИИБ бул боюнча комментарий бере элек.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу