Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын атасы: «Кызымдын өлүмү боюнча иш жабылып калганы турат» (кыздын жансыз денесинин сүрөтү)

Сүрөттөн «Н» деген тамга, «+» деген белги көрүнүп турат. Бул сүрөт Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиевдин уруксаты менен алынды.

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бурулайдын иши жабылып калганы турат. Бул тууралуу маркумдун атасы Турдали Кожоналиев SUPER.KG’ге билдирди.

«Экинчи жолу жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын да кызымдын көкүрөгүнө бычак менен жазылган тамгалар болгон эмес деп чыгарып беришти. Менин колумдагы далил сүрөттөрдү көргөзсөм, ал дефибриллятор аппаратынан калган так деп жатышат. Ошондо дарыгерлер дефибриллятор менен сүрөт тартып ойногон болуп калабы? Ал эми кызымдын өлүмүнө жол ачып берген милиция кызматкерлерине карата бир гана «шалаакылык» беренеси менен иш козголгону жатат. Бурулайдын өлүмүнө тиешелүү адамдар жазасын албай, иш ушуну менен жабылып калуу алдында турат.Бир нече күн мурун ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кабыл алмак. Ага жалгыз барбай адвокаттарым менен барайын десем, адвокаттарымдын соттук отуруму бар болгондуктан бошой албай калышты. Андан бери өзүбүз чакырабыз деген бойдон кабар жок.

Жогорудагы далил сүрөттөрдү элге жарыялайм десем, тергөөчү чыгарбоону өтүнгөндүктөн коё турайын дегем. Эми кайрадан эле андай жазуу жок деп жыйынтык чыгарып бергенден кийин, жок эле жазууну айтыптыр деп элге жалганчы болом. Ошондуктан бардык массалык маалымат өкүлдөрүнө айтарым, мендеги далил сүрөттөрдү жарыялап, бул иштин аягына чыгышына жардамдашсаңыздар. Анткени эл таразалап, эл чечпесе, башкалардан эч кандай майнап чыкпасына көзүм жетип калды.», — деди Бурулайдын атасы.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, жигит 29 жаштагы Марсбек Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марсбекке эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы «кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. «Н» деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?» деп билдирген.

Бул маалыматты Чүй ОИИББинин башчысы болуп турган Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. «Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон», — деген Сарчаев. 4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерлерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу