Милиция: автокырсыкка кабылган аткаминер айдоочу менен уруша кетип, каза тапты

Маалымат булагынын айтымына караганда, аткаминер алдындагы автоунааны сүзүп алгандан кийин, анын айдоочусу менен урушуп кеткен.

Борбор калаада «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев мушташтан улам каза тапты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык милициядагы булактар билдирди.

Алардын айтымына караганда, калаадагы Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө кетип баратып, алдындагы автоунааны сүзүп алган. Аталган автокөлүктөн эки киши чыгып, жаакташуу мушташка айланган. Окуя болжол менен 20:00дө болгон.

«Алар алгач, айтышып, андан соң мушташа кетишкен. Бизге жеткен азыркы маалыматтарга караганда, Жакыпбаев жол четиндеги бордюрга башы менен тийген», — деп айтып берген маалымат булагы.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу