Милициянын подполковниги А. Кадыркулов: Урматтуу Президент! Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти. Кечирип койунузчу!

Урматтуу Президент!
Алмаз Шаршенович Атамбаев!
Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти. Кечирип койунузчу!
Канча деген жылдар бою, бийликтеги арам ойлуу чиновниктердин кылыктарын элге жеткизип! Элдин ойун бийликке жеткизип келген адамды, Кор кылбанызчы!
….ошол…7-апрель күнү, ошол кездеги оппозицияда жургон Сиздердин, адилетсиз камалышыңарга каршы болгон, жүрүш менен, борбордук аянтка чыктык эле….эч киминерди бөлгөн жок элек….

Урматтуу Президент!:-«Кыргыздын ЖИГИТТЕРИ! Бөлүнүп калды!»-дешип, бөтөн элде «баш калкалаган» душмандарынар сүйүнүүдө! Өз «кишилеринин» кайрадан бийликке келүүсүнө, элди экиге бөлүүгө…7-апрелден кийинки келген бийликке «көө» жабуу, катуу күчөгөн учур! Текебаевке «кыл» таккандар, ошолордун «атайын иш чарасы» (операциясы), деп эсептейм!…жөн эле айтканда, тил кат(расписка) алынбай, кантип эле акча берилсин?……..

Бир ачуунузду, мага, бериңизчи!?

Бүгүнкү, Сиздин сыныныздан өтө албай калган,Текебаевти, активдүү да, пассивдүү да каралоого катышып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, кызматтан кетирсениз,Кыргыз амлекетинин укук коргоо органдарын, коррупцияга «өтө шыктуу» кызматкерлерден тазалайт элеңиз! Кийинкилер, мыйзамдуулукту «туу» тутуп калышмак!
Бул-жарашуунун өтө чоң себеби болмок. Биринчи кадамды, Сиз, жасап койунузчу!
Кыргыз мамлекетинин мекенчил инсаны
Апрел элдик революциясынын баатыры
Милициянын подполковниги
Кадыркулов Афтандил Камчыбекович.

Булак: «Фейсбук»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу