Милициянын мыйзамсыз аракети күнөөсүз жаранды ооруканага түшүрдү

Кара-Көл шаарынын 53 жаштагы жаранынын үйүндө өскөн “кызгалдак” гүлүн милиция
кызматкерлери “апийим” деп атаганы үчүн жүрөгү кармап ооруканага түштү. Бул
тууралуу маалыматты анын бир тууган карындашы Анжела Джээренбаева өлкөдөгү ири
сайттардын бирине билдирген.
Маалыматка караганда окуя 26-июнь күнү болгон.
-Агам Кошой ушул жылдын март айында Оштогу борбордон жүрөгүнөн операция болуп
келген. Бир туугандар көптөн бери көрүшпөй, агабыздын абалын сурап коёлу деп 26-
июнда үйүнө барганбыз. Баарыбыз дасторкондо олтуруп, тамактанып жатканбыз. Анан
эшикке эки бала келип, агамды чакырып жатышкандыгын айтышты. Жеңем Зина агамды
«сен олтура бер, мен чыгайын» деп чыгып кетти. Анан агам терезени карап, мага:
«сыртка чыгып келчи» деп кайрылды. Мен чыксам, бири форма кийген, экинчиси
жарандык кийимчен милиция кызматкерлери турган экен. Алар өздөрүн тааныштырбай,
күбөлүгүн көрсөтпөстөн жеңеме суроолорду берип жатышыптыр. Алар короодо өскөн
гүлдү көрсөтүп, ал кайсыл гүл экендигин сурашты. Жеңем ал кызгалдак гүл экенин айтты.
Мен эмне болгонун сурадым. Алар мага «бул гүлдү өстүрүп алыптырсыңар, бул эмне
өсүмдүк экенин билесиңерби? Бул апийим» деп айтышты. Мен анын апийим өсүмдүгү
экенин билбегенимди айтып жатсам, «сиз бул жакка туруп туруңуз» деп гүлдү жулуп
башташты. Тамырынын даанасын санашпай, бутактарын бири-биринен ажыратып, 5-6
даана өскөн кызгалдакты 72 даана кылып санашты. Ошентип үйдөгүлөрдүн баары,
операция болгон агам, 80 жаштан ашкан энем да чыкты. Алар энеме: «жок дегенде сиз
апийим экенин айтып койбойсузбу?» дешти. Агамдын аялы ал гүлдүн уруктарын
кошунасынан декоративдүү гүл катары алып, тиккендигин жана апийим экендигин
билбегенин айтты. Кошунабыз Нина дагы келип, эмне болуп жаткандыгын сурады. Биз
кырдаалды түшүндүрсөк, ал бул өсүмдүк декоративдик гүл экенин айтып, апийим деп
жатышкандыгына таң калды. Кара-Көл шаарында көпчүлүк адамдар короолорунда
мындай гүл өстүрүшөт, баарына түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйсүңөрбү?» десек
угушпай, телефон менен башка кесиптештерин чакырышты», — дейт ал.
Джээренбаева белгилегендей, милиция кызматкерлери гүлдөрдү жулуп, аны
экспертизага жөнөтүштү.
«Жеңем бул гүлдүн уругун кошунасыныкынан алгандыгын айткандан кийин баарыбыз
аныкына бардык. Кошунасы бул гүл декоративдүү гүл экендигин айтты. Ал: «бул гүлдү
кооздук үчүн гана өстүрөм, апийим экендигин билсем өстүрбөйт болчумун» деп жооп
берди. Ошентип милиция кызматкерлери бири-бирин чакырып жатып, алардын саны
көбөйдү. Коопсуздук кызматкерлери келди. Жеңем түшүнүк кат жазып берди. Алар кайра
башынан протокол түзөбүз деп агамдын тынчын алышты. Анын оорулуу экендигин
айтканыбызга көнбөй, кылмышкер же баңгизат менен иштеген адамды кармагандай
болушту. Алар бул өсүмдүк үчүн көп айып пул төлөйсүңөр же камаласыңар деген
сөздөрдү айтышты. Ал эми гүлдү экспертизага беребиз деп алып кетишти. 27-июнда агам
эртең менен шаардык ооруканага барып, дарыгерге көрүнгөн. Кайра үйүнө келип өзүн
жаман сезип, кусуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Милиция кызматкерлеринин
одоно, негизсиз жасаган мамилесинен улам агам жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды»,
— деди ал.
Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн К.Нусупбаевдин аялы З.Нусупбаеванын айтуусунда,
жолдошу буга чейин операция болгон.
Ал эми Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо
борборунун терапия бөлүмүнүн башчысы Насират Качкынбаеванын айтуусунда,
Нусупбаев Кошойдун абалы учурда орто оор болууда.
«Бейтап К.Нусупбаев жандандыруу бөлүмүнө келип түштү. Ал мурун операциядан кийин
курч инфаркт миакарда абалында болгон. Кечээ катуу кабатырлангандыктан абалы
начарлап кеткен. Кан басымы орточо, тахикардия болуп жатат. Дарыгерлер эс алдыруучу
дарыларды берип жатат», — деди Насират Качкынбаева.
Жогорудагы аталган маалымат боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер
башкармалыгынын маалымат-кызматынын башчысы Мыктыбек Турдубеков наркотика
багытындагы иштер көп экендигин айтып, Кара-Көл боюнча маалымат түшпөгөндүгүн
жана аны тактап, кошумча маалымат бере тургандыгын билдирди.

Булак: Komitet.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу