Милициянын бөлүмүндө кызды бычактаган жигиттин агасы: «Бул окуя үчүн баарынан кечирим сурайм»

Милициянын бөлүмүндө кызды бычактаган жигиттин бир тууган агасы окуя кандайча болуп кеткенине түшүнө албай жатканын айтат.

Анын айтымында, каргаша болгон күнү иниси кызды ала качып бара жатканынан кабары болгон эмес.

«Бурулайды май айынын башында ала качкан эле. Себеби иним экөө үч жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Өзүм ачуу басарына кыздын үйүнө келдим. Бул үйдүн ээси менен чогуу иштешип калгандыктан, мамилебиз жакшы болчу. Биз барганда эле «кыздын көңүлү бар бекен» деп сурашты. Мен ага чейин иниме ишенбей кыздын өзү менен да сүйлөшкөм. Ал көңүлү бар экенин айткан болчу. Ошондуктан «Бурулай менен сүйлөшкүлө, өзү айтсын» деп телефон чалып бердим. Эжелери жана кыздын атасы болуп башка бөлмөгө барып сүйлөшүп келишти да, бизге мындай дешти. «2 айдан кийин кулагына сөйкө салып, той кылып алып кеткиле, азыр кызыбыз үйгө келсин» дешти. Мен алардын бул сөзүн сыйладым, анан аларга ишенип иним кызды алып, Талас облусуна кирип бара жаткан жеринен артка кайтардым. Кызды түнкү саат 1де жакшынакай кылып жеткирип келип бердим», — деди кылмышкердин агасы.

«Мен өзүм бул каргашалуу окуяны кыздын эжелеринен уктум. Укканым боюнча кызды түнкү саат 10до ала качкан, ал эми 12де посттон кармалышкан. Бурулайдын каза болуп калганын түнкү саат 4тө билдик. Азыркы учурда аларга да, бизге да абдан оор болуп турат. Кыздын жакындарына сабыр тилейм, инимдин күнөөсү үчүн баарынан кечирим сурайм», — деди ал.

«Бул иште милиция кызматкерлеринин күнөөсү чоң. Эмне үчүн бир бөлмөгө экөөнү жалгыз киргизип койду? Бычак кайдан келди? Өздөрү билгендей эле ошол убакта Биринчи Май РИИБине кыз урдоо менен арыз түшүп, анан иним жолдон кармалды да. Эмнеге ошол учурда аны шектүү деп санап, колуна кишен салып, текшерүүгө алган эмес? Эми болсо 30 сантиметр болгон бычак менен сайыптыр деп жатышат. Ошол бычакты текшерүүгө албай РИИБге киргизген кимдер? Бул ошол жумушта иштегендердин шалаакылыгы. Эгер алар коопсуздукту ойлоп, текшерүүгө алганда мындай окуя болбойт эле да», — деди милиция бөлүмүндө кызга бычак сайган жигиттин агасы.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан. Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

 

БУЛАК:Ledy.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу