Мидлтондун бала багуучуларынын эрежеси кандай?

Британиянын ханзадасы Уильямдын жубайы Кейт Мидлтондун үйүндө бала багуучулар кандай эрежелерди сакташат? Бул тууралу ЖМКларга герцогиня өзү маалымат берди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын жазында Кейт үчүнчү ирет эне болгон. Ханзада Уильям экөө беш жыл мурда Джордж, үч жыл мурда Шарлотта, 2018-жылдын апрель айында Луи аттуу уулдуу болушкан эле.

Кейт балдарына канчалык көп убакыт бөлсө да, ал падышалык үйдүн болуп жаткан иш-чараларына да толугу менен жетишүүдө. Аны биз тынымсыз эл аралык жолугушуулардан, улуттук жана спорттук иш-чаралардан кездештире алабыз. Бул учурда балдарын бала багуучу кызматкери карап калат. Алардын үй-бүлөсүндөгү негизги эрежелердин бири туура тамактануу болуп саналат. Бала багуучуларга ар кандай тез татым тамактардын жанында сейилдөөгө чектөө коюлган. Мисалы, гамбургер, хот-дог сыяктуу.

Мындан тышкары алардын балдары канчалык ыйлап, кежирленген учурда да аларга кол тийгизишпейт. Себеби, Кейт күйөөсү экөө тең мындай учурда ар кандай нерселерди ойлоп табышып, балдарын алаксытышат экен.

Кейттен үч баланы төрөгөн соң «кантип дене мүчөңүздү бир калыпта сактап калдыңыз?»,- деп сурашкан. Ал: “Мен дайыма балдарымын артынан жүгүрүп жүрөм”,-деп жооп берди. Ошондой эле ал “Дюкандын” диетасын колдонорун айта кетти. Кейт тамактануу рационунда чийки балык, цитрус мөмө-жемиштерин көп колдонот.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу