Мигранттын кызы: Чачым биттеп кетти апа, келиңизчи…


Миграттын кызынын апасына жазган каты өзгөртүүсүз:
Апа. Качан келесиз? Кечээ таэнемдикинен Гүкүш таэжемдикине кайра келдим. Таэнем «каникулда алаксысын, сергисин» деп Гүкүш таэжем менен телефон менен сүйлөшүп анан мени кайра бул жакка жиберди. Гүкүш таэежемдин балдары чонойуп калышты. Аларды багышып жатам. Бүгүн чачымды өрүп берип жатып «чачын биттеп кетиптир» деди. Анан сиз чалып калдыныз, сизге айтты, мен уктум. Чачымды алып салайын десе сиз макул болбой койдунуз. Гүкүш эжемдин акчасы жок экен чач тарачка алып барганга. Бирок сиз «чач тарачка алып барып жакшынакай кестир, акчасын салып жиберем» дединиз бирок Гүкүш эжем өзү эле кыска кылып кыркып койду. «Апана айтпа, чач тарачка бардым деп кой» деди. Эжемдин такыр акчасы жок экен.
Апа мен сизди сагындым аябай. Сиз келинизчи. үй сатып алабыз дегенсиз. үй сатып албай эле мурдагыдай эле жашай береличи. Мен чонойуп иштегенде сатып алалычы. Баарыбыз чогуу манты түйчүбүз ээ… Манты аябай жегим келип жатат. Азыр курсагым аябай ачты. Арсен, Азиз да сизди качан келет деп сурай беришет. Таэнем, таэжем урушпайт.Бирок, Гукуш эжем «эээк…» деп тажай берет.
Апа келинизчи. Мектепти бүткөндө мен барып иштейм. Сиз үйдө бөбөктөрүм менен туруп турунуз. Анан үй сатып алабыз. 

Апа менин ыйлагым келе берет. Уктаганы жатканда ыйлайм. Мурдагыдай эле баарыбыз чогуу жашайлычы, апа…. Апа, келинизчи…

Кат фейсбук социалдык тармагынан алынды

Аргумент.kg
Жооп калтыруу