Мигранттар которгон акчанын көлөмү көбөйдү

Кыргызстанга 2017-жылдын башынан бери чет жактагы мигранттар которгон акча 605
миллион долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы
Медетбек Айдаралиев быйылкы жылдын жарымында аткарылган иштер тууралуу
маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, мигранттардын быйыл которгон
каражаты өткөн жылга караганда 146 миллион долларга көп. Былтыр бул көрсөткүч 445
миллион доллар болгон. Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанга тыштан
которулган акчанын 90 пайызга жакыны Орусиядан келет. Дүйнөлүк банк буга чейин чет
жактагы мигранттардан келген каражат Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 30
пайыздай бөлүгүнө барабардыгын билдирген. Былтыр чет мамлекеттердеги
кыргызстандык эмгек мигранттары 1 миллиард 991 миллион доллар которушкан.
Өкмөттүн билдиришинче, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын
саны 750 миңден ашат. Анын 616 миңи Орусияда, 30 миңи Казакстан, 14 миңи Кореяда,
дагы отуз миңдейи Түркияда. Расмий эмес маалыматтарда чет мамлекеттердеги
кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, маселен Орусиядагы мигранттар
миллиондон ашары айтылып жүрөт.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу