Мен сүйгөн адам баламдын жакын досу…

Урматтуу редакция. Сиздердин окурмандардан кеңеш сурайын дегем. Менин көйгөйүм балким кимдир бирөөгө жакпашы мүмкүн. Түшүнүү менен кабыл аласыздар деген ойдомун.

Менин жашым 45те, бир кыз, эки уулду жолдошум экөөбүз тарбиялап жатабыз. Жашоом Кудайыма шугур абдан жакшы. Өмүрлүк жарым эч нерседен кем кылбайт. Жакында улуу балам студенттик жашоосу менен коштошуп, кызматка орношту. Үйгө болгон досторун конокко чакырды.

Ал менин уулумдун жакын досу

Арсенди тааныбай араң тааныдым. Баягы ырбыйган узун бала жок. Далысы кең, шынга бойлуу, каштары капкара, сулуу жигит турду. Аяш апа кандайсыз деген сөздөрү муздак суу сепкендей, эмнегедир мага такыр жакпады. Уулумдун групалаштары тарагандан кийин деле Арсен оюмдан кетпеди.

Ошол күндөн тартып, күйөөмдү көргүм келбей калды. Эңсегеним эле Арсен болду. Азыр жашаргандын аракетиндемин. Өзүм мурун арык болсом, эми болгон жеримди спортко барып, машыктырып жатам. Эми супсулуу болуп, балама Арсенди коноко чакыр деп айтайын деп жатам.

Өткөн түнү жолдошум менен төшөк кумарына батып жатып бүтө албай, Арсенди элестетип жатып, араң “оргазымга” жеттим. Өмүрлүк жарым “сен акыркы айда бир башкачасың, такыр муздаксың” деген сындарын мага айтып баштады. Мен ага аяш баламды сүйүп калдым деп кантип айтам.

Иши кылып кыялымдагы эркек менен жашоомдогу эркек эки башка болуп, жүрөгүм жүзгө бөлүнүп турган чак. Мага жакшы сөздөр менен кеңеш бериңиздерчи…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу