“Мен Курманжан Даткамын” деген Гүлзат Мамытбекке Жанара аттуу кыз жооп берип, аны катуу какты

Урматтуу мекендештерим, кымбаттуу кыргыздын кымча бел кыздары!

Бир топ убакыттан бери арабызда “тур, турагой” деген урааны менен пайда болгон Гүлзат Мамытбек эжекем тууралуу өз оюмду айткым келип жүрдүм. Ал тууралуу элдер активдүү талкуулашып, жакшы жана жаман жактарын, жүрүм турумун сындап жатышат. Ошол эле кезде кубаттап колдогондор дагы жок эмес. Мен дагы анын айрым кемчиликтерин байкайм, бирок ал эл оозуна алынып алган күчкө ээ экенин баалайм!

Билимге умтулуп, чет тилин үйрөнүп, ал билимин башкаларга үйрөткөн артыкчылыгы мактоого арзыйт. Айтып мактачу сапаттары абдан көп экенине көзүм жетет. Бүгүнкү күндө ал жеке эле кыргыздар арасында эмес, кошуна элдердин жаштарынын дагы талкуусунда жүрөт. “Кыргызстандык Гүлзат Мамытбек кыргыздары тургуза албай жатат”,-деп жазгандарды көп жолу көрүп калдым.
Мына ушундай дээӊгелге жеткендин өзү эрдик. Таанымал болгондон кийин ал коомго таасир эте алат. Жаштарга мотивация бериши дагы, терс таасир бериши дагы толук мүмкүн.

Кыргыздын кызы кандай болуш керек деген алтын эрежелер бар. “Кызга кырк үйдөн тыю”,-деп ата-бабабыз, энелерибиз айтып койгон. Бул кыргыз дүйнөсүндөгү көкүрөктөгү мыйзамы. Тарыхта кыргыздын баатыр кыздары, акылман энелери, журт тейлеген даткалары, сулуулугу менен акыл тандырган, акылы менен жүрөк жибиткен кыздары өткөн. Алардын жүрүм-туруму ошол кыргыздын алтын эрежесинен четтешкен эмес. Алар, көрүнгөн жерде чачын саксаӊдатып ыксыз кыймылдап, ачуу үнү менен кыйкырык салып, ураан чакырып бакырышкан эмес.

Бүгүн кыргыздын оозго алынган, “мен кыргыздын жаӊы деми Гүлзат Мамытбекмин” деген эжем, кыргызга жат көрүнүштөрдү жасап жатканы өкүндүрөт. Ал, ыйбаа кылып, акылмандыгын, билимдүүлүгүн, мыкты сапаттарынын үлгүсүн эмес, тастаӊдаган, тартынбаган, ыйбаа кылып ийменбеген бир мүнөздү сиӊирип жатат. Кыргыздын кыздарынын атынан “ДЕМ” берип жаткан Гүлзат эжемди көргөн кошуна боордош элдер, кыргыз кыздары тууралуу оюу өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Ал, жакында эле бир видеосунда “Мен Курманжан Даткамын!”,-деп жар салды. Айланайын эжекем, датка энебиздин арбагы бир оодарылып кетсе керек! Элден ыйбаа кылбаган, тартиби жок кыз мага теӊелгени эмнеси деп арбагы нааразы болоор…

Сөздү айтууда өтө абайлаш керек. Көп сүйлөсө тантык болот деп айташат. Сиз чынында акыркы убакта аша чаап кеттиӊиз. Кээ бир жоруктарыӊыз үчүн уялам! Сиз, Гүлзат Мамытбектин атынан кыргызды тургузуп, жеке атыӊыз менен кайрыла бериӊиз. Бирок, “Мен Кыргыздын деми, мен Кыргыздын Курманжан Даткасымын”,-деп экинчи айтпай жүрүӊүз. Датка энебиз сиздей беймаани сүйлөп, оюна келгенди айтып, жаткан-турган жеринде бийлеп, тарбиясыз кылыктарды кылган эмес. Ал элин кыргындан сактаган, акылмандыгы менен дүйнөгө атагы чыккан, Кудай колдогон инсан болгон. Ошондуктан сөзүӊүздү ылгап айтып жүрсөӊүз деп кеӊеш берээр элем. Эгер кеӊеш укканды билсеӊиз…

Кыргыздын кыздарын тааныткыӊыз келсе үлгүлүү жүрүм-турум, адептүү маданиятыӊыз менен таанытыӊыз, уят кылбаӊызчы эжеке…

Урматым менен кыргыздын бир жөнөкөй эле кызы Жанара

Аргумент.kg
Жооп калтыруу