Менин милициям мени коргойбу же өзүн коргойбу?

Акыркы убактарда ички иштер органында ызы-чуулуу иштер бириниен сала бири кайталанып, коомчулукту жаман иренжитчү болду. Кечээ жакында өспүрүм курактагы Данилдин уурдап кеткендердин колунан аман-эсен бошотулганы милицияга кичине абийир болду. Бирок бир аз мурдараак эле Жалал-Абаддагы бир ата-эненин чолпондой болгон баласы ушундай эле кылмышкердин колунан каза тапканын кантип унутабыз?.. Министр мырза болсо бала уурдоо фактысы акыркы кезде дегеле болгон эмес деп компоюп койгонун кантели анан. Милиция кылмышка бөгөт коймок түгүл өзүлөрү кылмышка барган учурлар да көп кездешүүдө. Жыл башында шаардагы бир милиция кызматкери мас абалында адамды сүзүп, жабырлануучу каза тапты. Ушундай эле окуя Сокулукта да кайталанып, окуучу баланын өмүрү үзүлдү. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине болсо зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Биринчи май райондук ИИБсынын кызматкери мас болуп алып, кафеде табелдик куралынан ок чыгарып ал жердегилердин үрөйүн учуруп, дүрбөлөң салганычы?! Ал эми криминал баш көтөрүп, өзүлөрүн ээн жердин дөбөтүндөй эркин сезип, мыкаачылыктарын ачык шардана кыла башташты. Кечээ жакында эле өз ара “разборка” курмандыгы болуп экөөсү өлгөнчө сабалганы буга мисал эмей эмне? Милиция кызматкерлери пара алган алдым-жуттумчулуктан да кур эмес. Март айында Ленин райондук ишки иштер бөлүмүнүн 2 кызматкери пара алып кармалды. Эми кечээ Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Болот Чаргынов пара алуу фактысы менен кармалды. Жетекчилери минтип акчага азгырылып турса, башкалары карап турмак беле?
Баса, Бурулайдын окуясы болгон учурда да дал ушул эле Болот Чаргынов ушул кызматында отурган. Бирок бул кылмыш боюнча жаза тартышкан бардык 23 жетекчи, кызматкердин арасында ал жок… Ички иштер органынын райондук жетекчилиги катары түздөн-түз тиешеси болсо да ал кандай “чудо” менен ордунда калганы белгисиз. Бул гана эмес туптуура ошол кылмыш болгон күнү облустук ИИБдин жетекчилигинин атынан жооптуу болгон Бакыт Нарчаевдин деле (Бакыт Нарчаев ал учурда Чүй облустук ИИБсынын Криминалдык милиция кызматынын башчысы кызматын аркалаган) жоопкерчилиги каралган эмес. Тескерисинче, ал Чүй облустук ИИБнын башчысынын оперативдүү иштер боюнча орун басарлык кызматына көтөрүлүп кеткен. Эми Болот Чаргыновдун окуясынан кийин да аны кызматтык милдети боюнча үстүртөн көзөмөлдөгөн Бакыт Нарчаев кызматынан дагы өйдөлөп кетсе таң калбай эле коюш керек. Анткени, биздин милицияда ойго келбеген окуялар өөн деле болбой калды окшойт…

Динар Турдугулова

Аргумент.kg
Жооп калтыруу