«Менин жиниме тийбей жөн жүр!»-деп жазган Гүлнур Асанованын жинине Асема тийип жатабы?

Ырчы  Гүлнур Асанова өзүнүн жеке баракчасына  төмөнкүчө билдирүү жазып чыкты. Анда, «Кээ бир адамдын укмуш акылдуу болуп, элге жакшы көрүнүмүш болгонун силер дагы байкасаңар жөн гана мыйыгыңардан күлсөңөр керек. Андай адамдар ар бир чөйрөдө кездешет да. Акыл үйрөткөнгө жараша өзү абдан кыраакы, бардык жактан төп келген, ички дүйнөсү менен сырткы келбети таза болуш керек да туурабы? Ичип-чегип, сөгүнүп, ыплас нерсени кылып (жолдошуң, балдарың бар туруп), бирөөнү сөз кылып ушактап, бирөөгө көралбастык кылып, бирөөнүн кайгысына күлүп, анан эле түптүз, периште көрүнгөн адамды түшүнө албайм. Сөзүң барбы дагы? Анда эми өзүң эле жумушка кел! Же дайымкыдай үйгө кел! Бирөөнү агент кылып жөнөтпөй! Сөзүң калбадыбы, анда өз ишиң менен эле алек бол! Канча айтам ичиңди кенен кой! Бул жашоо өтөт-кетет! Кийинки жашообузду деле ойлонсоң боло! Же ичээр сууң түгөнбөйт дейсиңби? Баары Аллахтан! Көңүл дегенди эч эле түшүнбөйт турбайсыңбы…Каап, адам бир кечирет, эки кечирет, үчүнчүсүндө жөн гана угуп, күлүп коет. Бирок, күлүп койгонду алсыздык деп эсептебе да! Өзүң душмандашпайлы дейсиң, а бирок кылып жаткан ишиң дал эле душмандыкындай! Кудайга тообо, таң калтырып жатасың ооо периште! Ушу мага периште болбочу жок дегенде макулбу?! Адатыңча элди алдай бер! Ооба, жыландын тили уу, ал кээде гана чагат. Көрүнгөндү эле чага бербейт. А тийишкенди! Тийишкенди! Жөн жашасаң болбойбу? Өз оокатыңды кылып… Атандашпай эле! Канча айтам, экөөбүз эки башка пендебиз деп! Мен салттуу музыканын алып жүрүүчүсүмүн, а сен… Мен жөнөкөй элемин.., а сен… 7 жыл музыкалык билим алдым ырдап чыгыш үчүн, а сен… Кино дүйнөсүнө 6 жашымдан аралаштым…а сен… Өзүмдүн үнүмдүн диапазонун билем.., сеникин дагы… Эң негизгиси эки сүйлөбөйм! Бирөөнү ашатып жамандап, эртеси алтыным деп мактап, инстаграмга сүрөт жүктөбөйм! Ии койчу кайсы бирин айтайын… Менин жиниме тийбей жөн жүр! Ахунбаева көчөсүнө чейин кинотеатр бар, кайсы машина менен кантип келип, кимди жөнөткөнүңө чейин эмки постто жазып коем! Жөн жүр! Аллахым ырыскыны ар пендеге берет! Пенде кызганганга акысы жок! Бирөөгө жамандык кылба, уйкуң соонун болот. Мен чын жүрөктөн сенде жакшы болуп кетсин деп эле тилейм. Болбосо мени андыганың аңдыган! Ошондо мага убактың жок болуп калабы дейм да.» -дейт ырчы вйым.

Бул билдирүүнү окуган интернет колдонуучулар, «Бул билдирүү кимге айтылган?», «Асемагабы? же кимге? «-деген сыяктуу суроолорду жаадырышууда.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу