Мелис Турганбаев «шапкасын» алмаштыргысы келдиби же өзүн Путинге теңедиби?

Бишкек мэрлигине талапкерлерди талкулоонун жүрүшүндө атамекендик ММКлардын биринде «Бишкек шаарынын башчылыгына бирден бир башкы талапкерлердин бири ИИМдин экс-министри Мелис Турганбаев болуп саналат» деген маалымат пайда болду.
Бул жаңылык жарандар үчүн гана эмес, Мелис Турганбаевдин өзүнө да «апачык күндүн алдындагы күркүрөгөн күндөй» болду.
«Вечеркага» коалициялык көпчүлүктүн лидери Таалайбек Сагыновдун айтымында, «Мелис Турганбаевдин талапкерлиги шаардык кеңеште да, алтургай бурч-бурчтагы талкууларда айтылган эмес».

Анда ким ал тууралуу айтып баштады? Сапар Исаковдун отставкасынан кийин жаңы өкмөттү куроодо Турганбаевдин тарапташтары «ИИМдин мурдагы башчысы кайра ордуна кайрылып барышы керек, алтургай муну жаңы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сураныптыр» деген маанидегиактивдүү маалыматтык кампанияны баштап жиберишкен. Кыязы, түшүнө кирсе керек.
Макул, өкмөткө мүчөлүккө болбой калды, эми мэрликке жармашып көрөлү дешсе керек анын тарапташтары. Алар ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаевдин талапкерлигин Бишкек мэрлигине сунушташкан кайрылууну президенттин, премьер-министрдин атына жана коомчулукка жайылтышты.
Эң кызыгы, анын 100 тарапташы бул сунуштары тууралуу М. Турганбаевдин өзүнөн да сурашкан жок. Жөн гана көрсөтүштү, болду! «Бириккен Элдик Кошуундар» коомдук бирикмесинин башчысы Алга Кылычов журналисттердин «Сиздер суранып аткан адамды мэрликке жылдыруу канчалык логикага сыят?» деген суроосуна «Эгерде шайланып калса, биз аны өзүбүз Бишкек мэринин креслосуна отургузабыз» деп жооп берди. Ошол эле убакта Мелистин достору, анын өзүндөй эле фантазерлор экенин көрсөттү, алар шаарга стабилдүүлүк алып келүүгө басым жасайбыз дешти.
Айрым жарандардын тобунун анын талапкерлигин Бишкек мэрлигине жылдырып атканы боюнча М. Турганбаев өзү АКИpressке төмөндөгүдөй комментарий берди: «Менин талапкерлигимди жылдыруу боюнча өзүм соцтүйүндөрдөн окудум. Менин оюмча, мени шаар башчылыгы кызматынан көргүсү келип аткандар, мен эмнеге жөндөмдүү экенимди билишет. Алар шаарга коопсуздук керек экенин жана аны мен камсыздай алаарымды билишет. Шаарга тартип керек…».

Ал алтургай өзүнүн бухгалтердик билими жана мэрия менен тыгыз кызматташтыктагы иши тууралуу эсине салып кетти: «Баары мени болгону милиционер боло алат деп ойлошот, бирок бул дагы оор иш… Менин Бишкек шаарын жакшыртуу боюнча өзүмдүн көз карашым бар. Биз башкаруу мектептерин өткөнбүз жана бул кызматтарда иштей алабыз», — деп жыйынтыктайт оюн ал.
Алтургай россиялык президент В. Путинди мисалга келтирет: «Союз маалында ал укук коргоо жана чекист системасында иштеген, а азыр ал ким? Ал бир бүтүн россиялык державанын башчысы. Мунун өзү тескерисинче мамлекетти күч түзүмдөрүндө иштеген киши башкарышы керек экенин айтып турат».

Өзүнүн билдирүүсү жана фантазиясы менен бул «божомолдонгон» талапкер адамдарды бир беймаза кылып алды. Алтургай айымдарды коркутуп да койгонсуду. Ирина Карамушкина жан дүйнө кыйкырыгын айткандай болду: «Силер эмне, шаарды кимге ишенип берүү керек экенин таптакыр билбей калдыңарбы? Ал деген бизге молдавиялык компанияны жылдыруу менен «Коопсуз шаардын» жүзөгө ашуусун токтоткон. Жыйынтыгында россиялык компания жетишке жеткен. Ошону менен бирге эле эч бир сот россиялык компания катышууга укугу жок болчу деп далилдей алган эмес. Бирок, Турганбаев «Карамушкина, Никитенко жана Абдрасулова менен бирге пара алышкан» деп баарына угуза айткан. Мен коомчулуктун алдында бул генералга ишенбей турганымды айткам, анын өзүнүн колунан жакшы иш келбеген «азаматтар командасы» бар. Ужас, Алга!!!».

Мына ушундай. Депутат айым эс алмайынча, Мелис мэрликке өтпөйт. Өткөн жок. Бул жөн гана анын ишке ашпаган кезектеги ызы-чуулу пиары болду. Килем үстүндө кезектеги секирикти жасап туруп, ал жөн гана шаар башчысынын креслосуна да бир отуруп көрсөт кандай болот деп ойлоп койгонсуду. «Кыялдануу зыяндуу эмес» деп айтылат эмеспи. Кыялданды, убараланды жана эми тынч отурушу керек.

Булак: Учур

Аргумент.kg
Жооп калтыруу