Мелис мырза, Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча не дейсиз?

Жазга карай башка саясатчылар жандана баштаганын көргөн Мелис Турганбаев да үйүндө жөн жатпай «Вести» сайтына маек бериптир. Анда Сооронбай Жээнбеков кызмат убада кылбаганын, бирок өзү эле президенттик шайлоодо Нарында, Чүйдө, Таласта добуш алып бергенин божураптыр. Ким ишенсин? Учурда Турганбаев чакан бизнес менен алектенип атканын, ошого катар спортту да таштабай машыкканын, эгерде өкмөт кызматташууга чакырса жардам берерин айтып, анан калса, өмүр бою мамлекетке кызмат кылып келгени менен мактаныптыр. Баракелде! Азаматсың! Өмүр бою милицияда кантип иштеп, эмнеден байыганын идиректүү эле полковниктерден сурамжылоо жүргүзсөңөр, Турганбаев боюнча кандай гана сайрап беришерин угасыңар. Албетте, алар кызматтык этиканы сакташып, ачык айтышпайт эмеспи. Баса, башкасын айтпасак да, Алайдын намыстуу уулу Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча не дейсиз? Алманбеттин өлүмүнө шектүү катары суралган Гүлжигит аттуу жаранды ИИМдин кызматкерлери атайын Минск-Москвадан алып келишпеди беле? Ал азыр кайда? Тирүүбү, же «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» деп өлтүрүлгөнбү? Албетте, биз суроо берип атабыз. Дагы көп суроолордун «түйүнү» чечилбей турат…

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу