Мелис Аспеков: «Жигитсиңби, элди сатып алба, жүрөгүн багындыр!»

Урматтуу коомчулук жана БШК мүчөлөрү!

Буга чейин мен президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов боюнча БШКг даттанып кайрылгам. Анын дагы сууй электе Өмүрбек Токтогулович дагы кайталап шайлоо мыйзамдарын, талаптын эрежелерин бузуп жатат. Ал, өзун өзү көрсөтү жолу менен президенттикке расмий аттангандан кийин өзүнө караштуу «Ала-Тоо» ресторанына элди чогултуп чай берип, сатып алууга  аракеттерин эмитен баштады.

Жалаң Таластан келген элди сый тамак менен алдап, аларды шайлоодо ынтымактуу болуп жеңип чыгууга үндөп, үгүт жүргүзүп жатат. Көз көрүнө шайлоо мыйзамдарын бузуп, байлыгы менен элди сатып алса болот деген арам оюн ишке ашыра баштады.

Төмөндөгү видео материалды сиздерге сунуштайм. Мындан тышкары мыйзам бузган элементтер камтылган далилдер менен БШКга дагы бир ирээт арыз менен кайрылам.

Кыргыз элин ач эсептеп, адамдарды малдан төмөн баалап кара курсагын кампайтып коюп добушун багындырам деген Өмурбек Бабанов жаңылышат.

Жигитсиңби, элди сатып алба, жүрөгүн багындыр! — деген пикирин активист Мелис Аспеков билдирди.

Булак: Назарньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу