Мелис Аспеков Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Бабановду сотко берди.

Мелис Аспеков абакта болгондуктан анын  жактоочусу Назира Абышкаева менен байланышканыбызда ал төмөндөгүлөрдү маалымдады.

Менин жактоомдо турган Мелис Аспековдун дарегине Өмүрбек Бабанов менен Адахан Мадумаров тарабынан, чындыкка дал келбеген бир топ маалыматтарды  таратышкан. Ал айтылган маалыматтар интернет булактарына кенен жайылып, Мелис Аспековдун ар намысына жана кадыр баркына шек келтирди.

Сот  башталар менен жоопкерлердин кыймыл жана кыймылсыз мүлктөрүн камака алуу боюнча жана алардын чек ара бекеттеринен өтүшүнө бөгөт коюла турган өтүнүчтөрүн тапшыра турганын Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева кошумчалады.

Эске сала кетсек Мелис Аспеков президенттик шайлоонун алдында элди массалык башаламандыкка үндөп, бийликти басып алууга шектелип камакка алынган.  Аспеков бул боюнча эч кандай коркунуч алып келчү сөздөр болгон эместигин, видео сүйлөшүүлөрдүн баары монтаждалганын айтып келет.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу