Мелис Аспековду соттогон Д. Турдукожоев сотко кылмыш иши козголуп, ээлеген кызматынан бошотулду

Дал ушул Дөөлөт Турдукожоев 2015 жылы жаш саясатчы, Мекенчил партиясынын теңтөрагасын Мелис Аспековду, таксиге 100 сом төлөгөн жоксуң деп 5 жылга эркинен ажыраткан. М. Аспековдун өзүнө кайрылсак, төмөндөгүдөй жооп берди:

“Дөөлөт Турдукожоев күн карама сот, менин мультфильмге окшотуп токулган ишимди бир тараптуу карап, мени 5 жылга күчөтүлгөн абакка кесип жиберген, мен 2 жыл темир тордун артында жатып, мунапыс колдонгон соң чыктым. Саясат кылдарында жүрүп, кантип эле мен 100 сом төлөбөй, тапанча менен коркутайын? Өзүмдүн унаама жетиш үчүн таксиге түшүп, болгону 4 мүнөт айдап чогу болгонбуз. Токулган кылмыш ишинде бир дагы күбө, бир дагы далил жок, болгону таксистин бир барактагы жазылган арызы. Мени кармаганда, жанымдан 30 миң сомдон ашык акча каражаты чыккан, протоколдо бакыйып турат. Ал кезде Мекенчил партиябыз күндөн-күнгө күч алып, ажыдаар Атамбаев менен ачык күрөшкө чыккан кез болчу. Албетте мени мыйзамсыз соттогондору түздөн-түз саясый куугунтук деп эсептеймин”.

Булак: Argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу