Мелис Аспековду абактан кимдер сабады?

Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы 31-абакта саат 22:30 чамасында “Мекенчил” саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков жана аны менен бирге камерада жаткандарды соттолуучулардын бири эч себепсиз ур-токмокко алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, Аспеков жана анын жанындагылар оор жаракат алган эмес. Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатканы айтылууда.

Эскерте кетсек, Мелис Аспеков «массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн» деген негизде кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу