Мелания Трамп уулу менен Ак үйгө көчүп келди

Президенттин үй-бүлөсүнүн коопсуздугун сактоого Нью-Йорк полициясы күнүнө 127 миңден 146 миң долларга чейин чыгым тартып келген.

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп жолдошу президенттик ишин баштаганына төрт ай болгондон кийин гана уулу Бэррон менен Ак үйгө көчүп баргандыгын NBC News телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Канайым өзүнүн Twitter тармагындагы баракчасына Ак үйдүн айнегинен сырттагы көрүнүш тартылган сүрөттү илип, «Жаңы үйүбүздөгү жагымдуу окуяларды чыдамсыздык менен күтүп жатам» деп жазды.

Мурдарак Мелания Трамп жолдошу Ак үйгө кеткенине карабай уулу менен Нью-Йоркто жашап, мындай кадамын Бээрондун окуусу үзгүлтүккө учурабыш керектиги менен байланыштырган.

Маалыматтарга караганда президенттин үй-бүлөсүнүн коопсуздугун сактоого Нью-Йорк полициясы күнүнө 127 миңден 146 миң долларга чейин чыгым тартып келчү.

Маалыматтарга караганда президенттин үй-бүлөсүнүн коопсуздугун сактоого Нью-Йорк полициясы күнүнө 127 миңден 146 миң долларга чейин чыгым тартып келчү.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу