Мектеп салууда акча өөнөгөн Кулматовдун кудайга үнү жетүүдө…

«Өз убалың өзүңдө» деген жакшы сөз бар элибизде. Анын сыңарындай өз башына өздөрү балээ тилеп алгандар абакта олтурушат. Тагыраак айтканда, алкымынын айынан камакка алынган Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Осмонбек Артыкбаев, Жантєрє Сатыбалдиев жана башкалар эмне үчүн тергөө абагында жатышат?

Мунун себеби жалпы коомчулукка жакшы дайын. Аларды эч негизи жок, жөн эле колунан жетелеп барып, тергөө абагына отургузуп коюшкан жок. Алардын ар бирине олуттуу айып коюлган. Негизи аттары аталгандардын дээрлик баары Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу жойлоп кеткен ири коррупция боюнча айыпталышууда.

Мисалы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык компаниянын кызыкчылыгын кызматтык абалына таянып коргогону, Кубанычбек Кулматов ТЭЦти модернизациялоонун алкагында аймактарга мектеп куруу үчүн деп бөлүнгөн 2 млн долларды максатсыз пайдалангандыгы, Жантөрө Сатыбалдиев ошол модернизациялоо боюнча келишимди түзүүдө алешемдиктерге жол бергени үчүн тергөө абагында жатат. Айтор, бул отургандардын баары мамлекеттик үлкөн кызматтарды ээлеп туруп, ээлеген кызматтарын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жиберишкендер. Бир кычкачтын баасы 600 долларга чыккан ишке катыштыгы барларды кантип таза иштешкен деп айтууга ооз барат?

Андыктан мына ушундай мамлекетке ири суммада зыян алып келген иштерди жасагандарды жердешчилик, тууганчылык үчүн же кандайдыр бир төлөнгөн акча каражаттары үчүн коргоп, “боштондук бергиле”, “саясий куугунтук болуп атат” деп кыйкырып чыгуу – өз мамлекетибизге жасаган чыккынчылыгыбыз болуп калат. Бул аттары аталган экс-чиновниктерге саясий куугунтук жасагыдай, алар оппозиция өкүлдөрү эмес болчу. Алар бүгүнкү бийликтин оппоненттери да эмес эле. Тескерисинче, бир командада жүргөн чиновниктер эле. Демек, бүгүнкү күндөгү коррупцияга каршы күрөштө эч кимге кечирим болбостугун, калкалоого алынбастыгын түшүнө берсек болот.

Камчы Кадыров

Булак: «Де-факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу