МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА СТУДЕНТТЕР БАҢГИ ЗАТ САТЫП ЖҮРГӨН.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте мектеп окуучуларына баңги зат сатып жүргөн студенттер кармалды.

Маалым болгондой, 15-февралда шаардагы мектептердин биринде 22 жаштагы жигит 26 грамм гашиш менен кармалган.

Кошумча иш-чараларында жүрүшүндө 15 грамм баңги зат менен анын курбу досу колго түштү.

Үйдү тинтүүдө дагы 7 грамм гашиш аныкталып чыкты.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу