Мектепте төрөп баласынын денесин сумкасына салып койгон мугалим.

Башкортостандын борбору Уфа шаарында мугалим мектепте сабак учурунда төрөп, ымыркайын сумкасына катып койгон. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы өлкөнүн укук коргоо органдары берген маалыматка шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, сумкага катылган ымыркай чарчап калган.
«Тез жардам кызматы кансыраган мугалимди ооруканага жеткирген. Ал дарыгерлерге тогуз айлык боюнда болгондугун жана мектепте ымыркайы өлүү төрөлгөнүн айткан. Дарыгерлер анын сумкасынан ымыркайдын жансыз денесин табышкан», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мугалим буга чейин 3 баланын энеси болгон. Ал кандайдыр бир себептер менен кош бойлуулуктун 4 айына чейин гинекологдун каттоосуна турган эмес. Учурда адистер бул окуя тууралуу иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Булак: «turmush.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу