Мектепке акча төлөө «мыйзамдашып» баратат…

Бишкек шаарындагы мектептер менен бала-бакчалардын, болжол менен, 43%ы ата-энелерден акча чогултат экен. Бул туурасында 22-апрелде өткөн чогулушта Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирген. Чогулушка Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, мектеп деректирлери жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Мурун Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чьңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектепке төлөнгөн акчанын эсебин талап кылышкан. Ал лицейде 4500 бала окуйт экен. Мектеп жетекчилери акча мыйзам чегинде чогултулган деп тоготпой турушат… Бул ишти азыр тиешелүү органдар текшерип жатышат. Лицейдин деректири Диляра Абдуллаева ишинен убактылуу бошотулду. Мектептеги 4500 баланын 1000 баласы взнос төлөбөйт экен, калганы айына 500 сом дон төлөшөт экен. Ар бир окуучу ушунча дан төлөсө оңбогондой акча эмеспи!

БУЛАК: Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу