Мексикада мунай кууру жарылып, 66 адам каза тапты

Мексикада мунай кууру жарылып, 66 адам каза болуп, дагы 76 адам жабыркаганын «Reuters» агенттиги маалымдады.

Окуя ишемби күнү борбор шаар Мехикодон 100 чакырым аралыкта жайгашкан Идалго штатында болду.

Мамлекеттик «Pemex» компаниясы кырсыкка куурдун уруксатсыз оюлушу себеп болгонун билдирди.

Адистер оюлган тилкени изилдеп чыгышты, учурда ал жерди аскерлер кайтарып турушат. Баштапкы маалыматка караганда, куурду тешип, мунай уурдоо аракети болгон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу