Меккеге барчу зыяратчылардын саламаттыгына ажы башчылар жооп берет

Баткен облусунда өткөн иш-чара ажы башчыларды тааныштыруу менен башталды.

Меккеге барчу зыяратчылардын саламаттыгына, ибадаттарынын аткарылышына ажы башчылар жооп берет. Бул тууралуу Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдош аймактагы ажыга барчулар менен болгон жолугушуусунда айтты.

Иш-чара ажы башчыларды тааныштыруу менен башталып, зыяратчылар алардын тизмесине катталды.

«Ажылардын саламаттыгы, ажылык ибадатынын аткарылышы, коопсуздугу боюнча ажы башчылар жооп берет. Ажыларга жогорку деңгээлде кызмат кылуубуз зарыл. Быйылкы жылы ажылыктын шарттары кыйла жакшырды», — деди казы.

Ал эми ажы башчы Ибрахим кары Баширов өз тобундагы ажыларга жакынкы күндөрдөн тарта сабактар башталарын айтып, ар бир ажыга барчу жаран сабактарга өз убагында келүү менен ажылыктын тартиптерин так үйрөнүп алууну суранды.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 4 585 орун бөлгөн. Ажылык сапардын баасы буга чейин 2600 доллардын тегерегинде болору айтылып, анын 1550 доллары жол киреге кетмек. Кийинчерээк бул акчага 160 доллар кошулган.

Булак: Спутник 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу