Мезгил жана мөөнөт же Ант берүүдөн коштошууга чейин

…Мурунку шайланган президент үчүн атайын алдын-ала каралган, мыйзамдык негизде берилген мөөнөттүн аякташы менен кошо, жаңы шайланган президенттин ыйгарым укуктарынын башталышы — ​биздин өлкөдө биринчи жолу орун алып жатат. Ошентип, башка цивилизациялуу өлкөлөрдө эбак кыйшаюусуз салтка айланып калган, эч ким жана эч кандай күчтөр анын процедуралык жагдайына эч кандай таасир эте албай, түзөтүү да, кошумча да киргизе албай турган эрежелерге баш ийүү менен жашоо — ​биздин аң-сезимибизге жаңыдан гана кирип, орун алып жайгашып, көнүмүш жашоо мыйзамы катары калыптанууга багыт алууда…

Асыресе, эзелки улуттук-уруучулдук доорлордон берки, же, берирээк келгенден кийинки, — ​феодалдык доорлордон калган — ​өзүнүн хандык-монархтык бийлигин тургузуу жан-дилине, канына, аң-сезимине биротоло сиңип, муундан-муунга өтүп келген баалуулуктар деле биздин коомдо сакталбай, эл арасында баркталбай калганына эки-үч кылымга жакындап калгандыгы маалым…

Ким билет, балким, дал ошондуктан улам, алгачкы эки президент эл тарабынан шайланышса да, экөө тең эл тарабынан эле кайра бийликтен куулуп, кетүүгө мажбур болушкандыр?! Албетте, алардын кимиси тарыхта кандай из калтырды — ​жана кандай жакшы иштерди аткарууга үлгүрдү — ​тарых өзү тастыктаары шексиз. Азыр бул процесс (ар-бир ишти кичине-чоң, майда же маанилүү деп бөлүп олтурбастан, өз салмагында электен өткөрүп, баалоо иши) жаңы гана башталган чак. Анткени, тарыхый масштабдан алып караганда — ​беш-он жыл — ​дээрлик көз ирмемге гана барабар болуп калары талашсыз чындык эмеспи. Ошондуктан, ошол “көз ирмемдерде” жасалган иштерди тарых таразасынан тастыктоого келгенде, өз замандаштары көп жагынан жаңылышып, же туура бааланбай, же баалай албай калган учурлар да болушу мүмкүн.

Ал тургай, такыр эле талаш маселеге айланып, андан бери ондогон муундар алмашып кетишсе да, алиге чейин, тарыхтан өзүнүн татыктуу ордун таба элек маселелерге айланган процесстер да бар…

Маселен, байыркы Улуу Кыргыз империясын тарых бүктөмдөрүндө жоготуп алып, кыргыз улуту бар болбобу, же уруу-уруу бойдон, ар кайсыл кокту-колотторго бөлүнүп, чачылып, ошол бойдон, улут деңгээлине чейин кайрадан өсүп жетпей, биротоло жок болобу? — ​деген сыяктуу кооптонуулар да пайда боло баштаган чакта, Алымбек датка сыяктуу Кокон хандыгындагы ири саясий фигура (орус империясынын төбөлдөрү — ​билермандары — ​“Орто-Азиядагы эң күчтүү мамлекет” деп баалап келишкен хандык) кыргыз эли өз алдынча мамлекет болуп, өзүнчө хандык көтөрүшү керек деген идеяны ишке ашырууга далалат кылып, бирок, анын өтөсүнө чыга албай калганы… же, болжолдуу алганда, ошол эле мерчемдердеги Ормондун Хандык бийликке шайланышы…

Бул эки факт боюнча тең, азырга чейин тарыхчылар арасында алиге чейин тастыктала элек жана талаштуу маселелер арбын. Арийне, ал идея ишке ашканбы же жокпу, же расмий хан көтөрүү бирин-экин чоң уруунун гана демилгеси болуп, түндүк кыргыздардын гана бир бөлүгүн камтып, калган кыргыздарга тиешеси болгонбу, же болбой калганбы — ​деген сыяктуу суроолорду алып таштай турган болсок, бир нерсе айдан ачык — ​кыргыз эли мурдагы жоготуп алган улуу империясынын ордуна кайра башка бир күчтүү жана элине тирөөч болуп берүүчү мамлекетке муктаж болуп, аны орнотууга такай умтулуп келгендиги — ​эч талашсыз чындык!..

Дал ошондой, эл эки-үч доордон бери самап, бирок, жетпей келген мүмкүнчүлүк, — ​эл башчылары тээ Москвадан дайындалып калган коммунисттик режим урагандан кийин гана, — ​кайрадан түзүлгөндүгү белгилүү. Дал ошол себептен улам, азыркы убактарга чейин, улам кайталана берип, кандайдыр бир баналдуу ойго айланган, а бирок, түпкү задисинде өтө терең маанилүү болгон бир ой кез-кездерде ар кандай деңгээлдерде кайталанып калат: деги биз, азыркы замандын адамдары, өзүбүзгө күтүүсүздөн эле асмандан түшө калган эркиндигибизди баалай алдыкпы? Эгемендиктин баркына жете алдыкпы? — ​деген сыяктуу суроолор коомчулук алдына коюлуп калып жүрөт. деген менен, ушунун өзү эле жакшы нерсе. Жок дегенде, аң-сезими жаңыдан гана калыптана баштаган, али сенектик чалгый элек жаш муундарды бир аз ойлонтуп, алардын мекенчил, патриот болушуна аз да болсо таасирин тийгизе алса — ​ошол да жетишкендик, ошол да баалуу иш…

Демек, эгемендик орногондон берки (коммунисттик доор – кыргыз элинин прогрессивдүү турмушундагы көптөгөн позитивдүү таасирлерине карабастан, дал эгемендүүлүк маселесине келгенде, табияты да, духу да такыр теңирден-тескери болчу, бекеринен ал өз идеологиясынын эң башкы урааны катары: “бүткүл дүйнө пролетарлары, бириккиле!” деген чакырыкты тандап алган эмес да?!), эл тарабынан шайланган өлкө жетекчилерибиз канчалык деңгээлде эл үмүттөрүн актай алышты? Кандайдыр бир жакшы иштерди аткарышып, артында жакшы издерди калтыра алыштыбы? — ​деген суроо ушундай бийлик алмашуу кырдаалында өзүнөн өзү жаралып кала турган көп суроолордун бири гана. А мүмкүн, эң башкы суроолордун биридир…

Ушул өңүттөн алып караганда, Алмазбек Атамбаевге чейинки шайланышкан эки президенттин тең — ​Аскар Акаев да, Курманбек Бакиев да, — (албетте, ар кимиси өзүнө гана тиешелүү болгон, өз өзгөчөлүктөрүнө карабастан), — ​мыйзамдуу негизде, жана аларды шайлаган эл менен сыйы менен коштошпостон, бийликтен куулушуп, (биринчиси — ​өз мыйзамдык мөөнөтүн улам-улам мыйзамсыз узартып олтуруп алып, же жарытар иш жасай албагандыгы аз келгенсип, жалпы өлкөнү эл аралык деңгээлден баштап, жергиликтүү деңгээлге чейин талап-тоноого таштап салып, элдин көкөйүнө биротоло жеткени үчүн, а экинчиси, — ​өз ыйгарым мөөнөтү али бүтмөк турсун, жаңыдан гана башталып келе жатканда, — “госсовет” аттуу мыйзамдуу түзүлмө аркылуу, — ​табиятында монархиялык белгилери бар мамлекеттик түзүлүштү орнотууга жаңы гана далалат кыла баштаган кезде!) кетүүгө аргасыз болушканы биздин тарыхтагы кейиштүү, трагедиялуу барактардан болуп калды.

Демек, Алмазбек Атамбаевдин конституцияда каралган мөөнөттү сактоону туруктуу салтка айландырууга пайдубал коюп таштаганы — ​анын жогорку бийликте жасаган эң бараандуу салымы. Башкача айтканда, адегенде бийликке мыйзамсыз келишкен топтун арасында болсо да, кийинчерээк өз бийлигин жалпы элдик шайлоо аркылуу легитимдештирүүгө жетишип, кийин өз бийлиги тушунда жана жеке өз демилгеси менен киргизилген конституциялык нормаларды сактоого чоң салым кошту жана кийинки эл башчыларына, өлкө жетекчилерине үлгү болорлук тажрыйба көрсөтө алды.

Арийне, Атамбаевдин өзүнүн президенттик мөөнөтү жөнүндө бирде “бул алты жыл мага чексиз созулган мезгилдей сезилди” десе, бирде кайра “мага тынч иштөөгө үч жыл гана убакыт беришти”, ага чейинки учурларда тынымсыз созулган митингдер, жол тосуулар болуп, иштетпей келишти деген сыяктуу маанидеги билдирүүлөрү — ​өз ишине өзү кыйыр түрдө берген баасы деп койсок болот. Сыягы, бир жагынан алып караганда, ал өлкөнүн өнүгүүсүнө байланышкан, учу-кыйры көрүнбөгөн, татаал маселелерден абдан жадагандай сезилет, аларды чечүүгө өзүнүн алсыз экендигин ачык сезгендиктен улам, “ошол чексиз созулган алты жыл” тезирээк эле бүтүшүн жана бийликти кийинки шайланган президентке өткөрүп берип, моюндагы илинген оор милдеттерден кутулууну самап келген. Экинчи жагынан алып карасак, кыязы, баары менин жеке эркимдей болгондо, мени өз эркиме койгонуңарда, дагы көп жакшы иштер жасалат эле деген мааниде өкүттө калгандай маанайы да бар…

Кандай болгон күндө да, кандайдыр бир шылтоолорду айтып, өзү жакшы иштерди бүтүрө албай калгандыгы үчүн сырткы тоскоолдуктарды айыптоо — ​алсыз жана чабал мамлекеттик ишмердин белгиси экендиги маалым. Улуу Петр биринчи Россиядагы реформаларды кандай күчтүү карма-каршылыктардын фонунда — ​ага каршы турушкан “боярлардын” мафиясы ж. б. ушул сыяктуу терс көрүнүштөргө карабай жасап, өзүнүн артта калган феодалдык өлкөсүн өнүккөн европалык катарга кошо алган эле? А биздин доордогу Владимир Путин Россиянын дегеле жакынкы аралыкта бүтпөс сыяктуу сезилген чечен жана кавказдык согуш отуна кабылган кезде, туш-туштан душмандары талап, алсыз боло баштаган жарадар арстанды чөөлөр акмалай аңдып, тегеренип, чалып жыгууга далалаттанышкан сымал болгон маалда, кыйын кырдаалдан сууруп чыгып, өнүгүүгө багыттай алды го?!

Баса, дегеле “тынч иштетпеген тоскоолдуктар” жөнүндө сөз кыла турган болсок, — ​Курманбек Бакиев анда бир же бир жарым жылча гана туруктуу кырдаалда иштеген болуп калат. Анткени, 2005-жылкы элдик революциядан соң, жаңы бийликке карата дароо түзүлгөн оппозиция ого бетер күчөп, митинг-пикеттер борбордогу Ак-Үйдүн айланасынан баштап, областтык жана жергиликтүү деңгээлдерге чейин дээрлик 2008-жылдын аягына чейин тынымсыз созулуп турганы белгилүү… Ал тургай, дал ошол көнүмүшкө айланган көрүнүштөр анын бийлигинин аңга урашына кандайдыр бир деңгээлде себеп болгон факторлордун бири болуп калган. Курманбек Бакиевдин эң соңку маектеринин биринде, аянттагы куралдуу адамдардын пайда болушуна, жана кандын төгүлүп кетишине каршы, эмне үчүн президент эч кандай чара көргөн эмес* — ​деген суроого, ал “мен баягы эле көнүмүш, тынчтык митингдердин бири го деп ойлогон элем” деп жооп бергени маалым эмеспи.

Арийне, ошол кыска убакыт ичинде (мейли, Атамбаев үчүн — ​үч эле жыл, а Бакиев үчүн бир жарым жыл — ​деп коёлук), өздөрү каалагандай, тынч иштөө кырдаалы түзүлгөн кездеги алар жасашкан иштерди бири-бири менен салыштырып болобу? Дасыккан өндүрүшчү жана чарбакер Курманбек Бакиевдин тушунда өнүгүү ырааттуу ыргакка өтүп калган болчу. Президенттин иш стилинде Бакиев саясий кампаниялардан мүмкүн болушунча качып, өзүнүн сөзсүз катышуусу керек болгон жыйын-кеңешмелерге гана катышып, чет өлкөлүк элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алганда деле, же ар кайсыл тармактардан тандалып алынган бирин-экин “алдыңкыларга” өзүнүн “ардак грамоталарын” тапшырганда, аларга эч тиешеси жок өлкөнүн ички маселелерине чейин көтөрүп, узун-сабак, чалды-куйду, баналдуу-жадатма, же “өзүнүн өтө оригиналдуулугу” менен “таңкалтырма” сөздөрдү сүйлөй берчү эмес. Тескерсинче, анын сөзү кыска жана жыйнактуулугу, ишкер (деловитость деген мааниде) мааниси менен айрымаланып турчу.

Ал эми Атамбаевдин “үч жыл ичинде” жасалган көзгө басар саналуу иштери деле (“Датка-Кемин” көмөкчү чордону, түндүк-түштүк альтернативалуу жолу, борбордогу айланма жол ж. б.) мурунку президент Бакиевдин тушунда долбоорлонуп, айрымдары башталмак турсун, ортолоп калган болчу. Трагикомедиялуу жагдай: “убактылуу өкмөт” бийликке келип-келбей жатып “Биз бүтүрдүк” (!) деп ача салган “Камбар-Ата” ГЭСи азырга чейин арсар абалда турат…

Демек, дегеле, мөөнөт жана убакыт жөнүндө сөз кыла келгенде, эриксизден атактуу Альберт Эйнштейндин “салыштырмалуу теориясы” аргасыздан эске келет. Кимдир бирөө үчүн — ​алты жыл да абдан аз убакыт, а башка бирөө үчүн — ​абдан көп мезгил. Кыскасы, суроолордун баары чиеленишип, такалчу мерчем — ​ошол убакыт канчалык оптималдуу жана эффективдүү (жалпы эл жана өлкө үчүн) пайдаланылды, — ​маселенин чордону дал ушунда камтылып турат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу