МЕДИНА КАМЧЫБЕКОВА «ПИРАМИДА» ТРКсынын алып баруучусу: «Мырзаларды, айымдар  сулуулугу менен эмес, акылдуулугу менен сүйдүрүп алыш керек»

Тирүүлүктүн көчүн улаган — аял. Улуттун улуулугун сактаган — аял. Үйдүн кутун арттырган — аял. Жүрөктөрдө эне болуп, жар болуп, сүйүү болуп жашаган — аял. Жан дүйнөгө эргүү төккөн жаздын күндөрүндө акындарыбыз ырга айланткысы келген улуу тема дагы — АЯЛ экени шексиз.

Азыркы тапта окууну, спортту, сүйгөн жумушун кошо алып кеткен айымдарыбыз аз эмес. Ошондой кыздарыбыздын бири «ПИРАМИДА» ТРКсынын, таңкы берүүсүнүн алып баруучусу Медина Камчыбекова.

Толук аты-жөнү- Камчыбекова Медина Камчыбековна

Жаш ченеми? — 20

Жылдыз төлгө? —Балыктар

Билими?

-Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин 2 курсун аяктадым.

Жердиги

-Нарында төрөлгөм, бирок, кичинемден Бишкекте жашап, чоңойдум.

Иштеген жериңиз?

-Азыркы учурда «Пирамида» ТРК каналында алып баруучу болуп иштейм. Таңкы «Пирамида» теле көрсөтүүсүн алып барам.

Жер которууга даярсызбы?

-Жок. Башка жерге барып 1 же 2-3 жыл иштеп келишим мүмкүн. Бирок Кыргызстан бул менин жерим, Кыргызстанды таштап башка жакка кете албайм.

Жашоонун күтүүсүз белектерине даярсызбы?

-Албетте даярмын. Анткени жашоо ак-кара менен айкалышып турат эмеспи ошондуктан өйдө-төмөн боло берет. Андыктан баардыгына даяр турушубуз керек.

Кайын-журт менен бирге түтүн булатууга кандай карайсыз?

-Бул нерсеге жакшы эле карайм. Мен бул нерсени дайыма айтып да келем. Менден улуу эки эжем бар анан кичүү эжем эмнегедир кайын-журт менен жашабайм деп айтып келет да. А мен болсо тескеринче  кайын-журт менен жашайм деп айтам. Кайнене, кайнатага кызмат көрсөтүп алардын батасын алып ыймандуу келин болгон чоң бакыт болуш керек. Өзүмдүн башыман өткөрбөсөм да келечекте кайненемен көп нерсени үйрөнөм деп эсептейм. Алардын акыл кеп-кеңештерин угуп тажрыйба топтойм.

Мыкты аялзаты кандай сапаттарга ээ болушу керек?

-Эң биринчиден мыкты аялзаты акылдуу болуш керек. Мырзаларды  сулуулугу менен эмес акылдуулугу менен сүйдүрүп алыш керек да. Аны менен бирге эле акылы менен үй-бүлөсүн, досторун, жумушун баардыгын тең алып кетиши керек. Үй-бүлөнүн бекем болушуна да аял себепчи деп ойлойм, ошондуктан акылы жагынан жогору болуш керек деп эсептейм.

Жан дилиңиз менен даярдаган даам?

-Негизи тамактарын баарын эле даамдуу кылып жакшы жасайм. Атам да «кызым тамактарды жакшы жасайт»-деп айтып калат. Жасаган тамактарым атама жакса демек жакшы эле жасайм. Өзгөчө мантыны.

Чыныгы мырза сиздин көз- караш менен?

-Менин табитиме боюу узун, кара каштуу, кара көздүү, кара тору балдар жагат. Бирок албетте анын жөнөкөйлүгүнө, чечкиндүүлүгүнө, сабырдуулугуна, акылдуулугуна көңүл бурам. Эгер ушул сапаттарды камтыса анда сүйүктүүсүн сыйлай алат деп ишенем.

Алтынга тете мүнөзүңүз?

-Мага өзүмдүн сабырдуулугум жагат. Кандай гана жагдай болбосун сабыр сактаганга аракет кылам. Башаламандыкпы, ызы-чуу, унчуга албай турган маселе көйгөйлөр болбосун мен сабырдуулук менен аны жеңип кете алам десем болот.

Сөзгө бексизби?

-Сөзгө бекмин. Эгерде мага бирөө ишенип сырын айтса мен  сырын угуп ага жакшы сырдаш боло алам жана аны бек сактаганга аракет кылам.

Өзүңүз жөнүндө кызыктуу фактылар?

-Мен төмөнкү Ала-Арча мектебинде окугам. Ал жактагы алдыңкы окуучулардын катарын толуктачумун. Ошондуктан  дене- тарбия сабагына дайыма спорт кийимимди өзүнчө сумкама салып алып барат элем.  Бир дагы күнүм болгон эмес сабакка формасы жок деп катышпай калган. Анан бир күнү эле маршурткадан түшүп мектепке баратсам колумда спорттук кийимим салынган сумкам жок экен. Маршурткага унутуп калган экенмин деп артынан чуркап барып, салонду карап чыккам. Оюмда маршурткага унутуп калдым деп чуркап барган элем да, көрсө үйгө унутуп калыптырмын. Жоопкерчиликти жакшы көргөндүктөн сабактын башталаарына аз гана убакыт калса да үйгө барып алып келгем. Ошондо мен болгону 3- класста окучумун.

-Шаңдуу жерлерге барып эс алган жакпайт. Ошондуктан көбүнчө тынч жерлерге барган жана үйдө эс алганды туура көрөм.

-Үйдө жалгыз калганда сөзсүз түрдө генеральный уборка кылам.

— Жакшы ырдабасам дагы ырдаган жагат. Музыканын үнүн катуу чыгарып алып анын коштоосунда жакшы ырдап жаткандай ырдай берем.

-Спорт менен алектенем. Фитнеске барып машыгып турам.

 Хоббиңиз?

-Кичинемен эле бийди жакшы көрүп, кружокторго барчумун. Кийинчерэк эле негедир бийди таштап койдум. Бирок бийлеген хоббим деп айтсам болот.

Өзүңүздүн алтын эрежеңиз?

-Жоопкерчиликтүү жана баардык ишке так болуу.

Сизди издеген адам кайдан таба алат?

— «Пирамида» ТРКдан, окууман. Ал эми социалдык тармактардан болсо фейсбуктан жана инстаграмм баракчасында көбүрөөк отургандыктан мени MEDINA_DARHANN деп издеп тапса болот.

Булак: ARGUMENT.KG

 

 

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу