Медеткан Шеримкулов, Легендарлуу парламенттин (1990-1995-жж) спикери: “Маевский абийирсиз бизнесмен, экинчиден абдан бузулган адам экен”

Легендарлуу парламенттин төрагасы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов саясий куугунтук менен УКМКнын СИЗОсунда жаткан Өмүрбек Текебаевдин сотуна келип катышты. Соттон кийин журналистер менен өз оюн бөлүштү.
Медеткан Шеримкулов, Легендарлуу парламенттин (1990-1995-жж) спикери:
“Маевский абийирсиз бизнесмен, экинчиден абдан бузулган адам экен”
Текебаевдин сотунан чыккандан кийин эки нерсеге көңүл бурдум. Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот акыйкат карап чыккандан кийин чечим чыгарат деп терең ишенем. Өмүрбек Текебаев өзү эмгек сиңирген юрист катары жана адвокаттарынын эмгеги менен өзүнүн күнөөсүз экендигин аныктап чыгууга күчү жетет деп ойлойм. Менин айтайын дегеним Маевский менен Модин жөнүндө. Маевский абийирсиз бизнесмен, экинчиден абдан бузулган адам экен. Ушуну тактап айтып коеюн. Абийирсиз дегенимдин себеби, ал Маевский Кыргызстандагы бийик даражалуу кызматкерлерди чоң суммадагы акчага сатып алса болот экен деген ойду түшүндүрүп жатат. Экинчиден, кыргыз элинин абийирине, кыргыз элинин адамгерчилигине чоң шек келтире турган сөздөрдү айтып жатат. Себеби, ал Текебаевге пара катары берген акчаны алып калсам силерге кайрымдуулук катары берем, деп жатат. Эгер ошондой эле кайрымдуулук кылгысы келсе, таза адам болсо 2010-жылы кыргыз эли революциядан, андан соң Ош коогалаңынан кыйналып турган кезде пара берүүнү максат кылбай өкмөткө жардам катары бербейт беле? Эми бизди келекелеп, шылдың кылып Текебаевден акчаны алып калсам силерге берем дейт. Кыргызстан кайырчы эмес. Кыргызстан Маевскийдин миллион долларына муктаж эмес! Кыргызстан саясий, экономикалык маселелерин өзү чечет. Мен укук коргоо органдарына кайрылат элем, Маевский менен Модин сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Эгер, бул эки адам кылмыш жоопкерчилике тартылбаса башка мамлекеттерде, эл аралык коомчулукта Кыргызстан тууралуу өтө жаман ой пайда болот. Кыргызстандан ишкерлик кыла турган болсоң бир сумка толтура акча салып алып барсаң каалаган чиновнигиңди сатып аласың, кыргыздарга акча берип койсоң сенин айтканың менен болушат деген түшүнүктү пайда кылат. Өмурбек Текебаев Маевскийден акча албагандыгын айтып жатат. Эми баарын сот акыйкат чечиши керек. Маевский пара бергендигин өзү мойунга алып жаткан соң аны сөзсүз тудө камака алыш керек.

БУЛАК:ARGUMEN.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу