Медеткан Шеримкулов: «Берметтин айбаты кайта элек экен»

2005-жылы парламентке депутат болуп келгендердин арасында Бермет менен Айдар Акаевдер бар эле. Бирок, атакеси качып кеткенине карабастан Бермет эки күн парламентте көгөрүп отурган. Ошентсе да баары бир депутаттыктан кетүүгө аргасыз болгон. Кадимки Медеткан Шеримкулов өзүнүн бир маегинде Акаевдин ушул кызы жолборс жүрөк экен деп баасын берген. Кээде ушул айым кыргыз жергесине деле келип туугандары менен учурашып кетип жүрөт. Өткөндө Илим деген кичүү уулу да агасына топурак салып кеткенин билебиз.

Ал эми немистердин шаарындагы окуянын да башкы каарманы Бермет болду. Негизи намыстуу кыз атасынын таламын талашкандан кайра тартпайт. Эгерде анын ордунда Айдар болгондо алды, артына карабай зуу коймок мушташмак тургай. Эми муну чоң саясатка айландыруунун кажети деле жок. Ошентсе да Аскар агабыз ар кандай азгырууларга мурдунан жетелетпей койсо өзүнө дагын жакшы болмок. Бөтөн жерде жүргөндө элге көрүнүүнүн зарылдыгы жок эмеспи. Анын үстүнө анын чекесине “качкын” деген эн тамга басылып калбадыбы. Азабы көп жалган дүйнө деген ушубу?

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу