“Мегаком” шылуундарга кетпейби?

Жороку Кеңеште кайрадан катуу чыр чыкчудай болуп турат. Кыргызстандагы эн эле капчыгы калын компаниялардын бири делген “Мегакомдун” сатылышынын тегерегинде депутаттардын кылычтарынын кынынан суурулуп жатат. Биринчи эле маселе “ким алат?” — дегенден келип чыкты окшойт. Көрсө чет өлкөлүк жаран болгондо да аял киши Россиялык ишкер экен. Буга чейин Кыргызстан далай чет өлкөлүк ишкерлер, ишканалар менен иштешип келүүдө. Башканы коюуп “Кумтөрдү” эле алсак ырынан чыры көп болуп келген. Мына азыркыга чейин талаш-тартышка түштү, “Мегаком” деле ошондой болуп жатат окшойт.  Бул сатып алчу аял ким деген суроо шак эле берилди. Африкадан чай сатып жүргөн аял дешти. Андан да жаманы, Кыргызстанда азыркы күндө чоң резонанс жаратып жаткан түбү шектүү Маевский, Модиндер менен байланыштырып жиберишти. Бул чиеленишкен окуя эмне менен бүтөт? Бир четин карасаң мындай ири компанияны бирөөнө сатып мыкты иштетип, салык жумушчу орундар аркылуу өлкөбүзгө пайда алып келиши керек. Ансыз деле “Мегакомдо”  алыскы жакынкы чет өлкөлөрдөн кызыгып көзү кызаргандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ошондуктан ал инвестордун ким экендигин, ал жөнүндө  кандай маалыматтар бар экенин, өзгөчө дагы бир ирет эл аралык ири шылуунга салып бербеш экендигин өтө кылдат караштары зарыл. Канткен күндө да депутаттардын алдында өтө чоң маселе жатат.  “Мегаком” сыяктуу элдин ырыскысын жең ичинен соодалап жиберишпсе эле болду.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу