“Мегаком” сатыкка коюлду, Мээрбек ишсиз калабы?

Далай чырдын башы болгон, Байболовду Башкы прокурорлуктан алып түшүү менен
Текебаевди темир торго олтургузууга чейин бийликке курал болуп берген “Альфа ком”
(MegaCom) уюлдук байланыш компаниясын сатуу чечими чыкты.
Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков
сатыктын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталганын айтты. Өкмөттүн бул тууралуу
буйругу 18-августта чыккан. Сунуштар 25-сентябрга чейин кабыл алынат. Экиден көп
сунуш түшсө тандоону Маммүлк фондунда түзүлгөн комиссия жүргүзөт. Ал арада
“Penwell”- деген аталыштагы компания MegaCom мыйзамсыз улутташтырылганын жана
91 млн. сомдун 9 тыйыны да толук болсун… Кытай куксисинен көрө кыргыз жупкасы пайдалуу
анын 51 пайыз үлүшүнө дооматы бар экенин айтып чыкты. Мамлекеттик мүлктү
башкаруу фондунун жетекчилиги “Penwell” компаниясынын эл аралык сотко кайрылууга
эч кандай укуктук негизи жоктугун белгилеп, бул жагдай уюлдук ишкананы тикелей жол
менен сатууга тоскоолдук жарата албасын билдирди. Кыскасы далай чырдын башы боло
турган, далай сырдын уюгу болгон бул ишкананы азыркы бийлик эптеп мөөнөтү бүткүчө
будамайлап ийип, бардык балээден кутулгусу келип жатканын ачыктап койгондой.
Бирок, тарых алдында кантип актана алышаарын эч бири айта албастыр… Баарынан да
СДПКнын эң бир “звездасы”, таяныч жөлөгү болгон байкуш Мээрбек деген бала кантет
эми? Ишсиз калабы, ошондо…

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу