“МЕГАКОМ” СААН УЙБУ? ЖЕ АТАМБАЕВ ТАПКАН ТАБЫШМАКТУУ МИЛЛИАРД СОМДУН ЖАНДЫРМАГЫ КАЙДА ЖАТАТ?

– Каржы министри бир миллиард сомду соттон утуп алып жатабыз дейт. Өткөндө чынында премьер-министр “Президент бир миллиард сом тапты, ошону жолго пайдаланабыз” деп айтты эле. Бул кандай фраза? Президент бир миллиард сомду кайдан табат? Же өкмөт президентке шылтап коюп жатасыңарбы? Болбосо президент “Мегакомдон” акчаны кантип алат?

Бүгүн, 24-майда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында “бирболчу” депутат Мыктыбек Абдылдаевдин кабыргасынан койгон мындай суроосуна Каржы министри “буга чейин сот иштери жүрүп жаткандыктан биздин акча каражатын алууга мүмкүнчүлүк жок болчу. Кийин президент Башкы прокуратурага берген тапшырмасы менен бүгүнкү күндө ошол акча каражаты бошоду, ошондуктан аны бюджеттин кирешесине киргизип жатабыз,” –деген жооп кайтарды.

Ал эми буга контрсуроо катары депутаттын “Президенттин соттогу чечилип жаткан иштерге кийлигишкенге мыйзам боюнча укугу барбы?” деген суроосуна министр оңгулуктуу жооп бере албагандыктан депутат М.Абдылдаев бул тууралуу президенттин реакциясын күтөөрүн кошумчалады.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу