«Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна («Мегаком» мобилдик компаниясы) жаңы жетекчи дайындалууда.
Компаниянын 100% акцияларына ээлик кылган Мамлекеттик мүлк фондунун буйругу менен бул кызматка Акылбек Жамангулов жактырылды.
Жамангулов Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты.
«Альфа Телекомду» 2012-жылдан бери Азат Базаркулов жетектеп келген.
Кыргыз өкмөтү «Альфа Телеком» компаниясын алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч сыйра конкурс жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок бул ирет да сатылган эмес.
Булак: Азаттык