Махабат эмнеден коркот?

Эки жаштын махабаты көпкө созулуш үчүн, эки жашка күч керек. Махабат эмнеден корко тургандыгын билесизби?

1.Өзүнө болгон ишенимдин төмөн болушу

Өзүн өтө төмөн сезген адамдарда кызганыч менен ачууланган сезим күч болот. Мындай белги көбүнчө кыздарда көп болот. Ар бир адам өзүнчө уникалдуу. Анын мүнөзүн түшүнүп жеңе билүү керек.

2.Өзүн-өзү урматтабоо

Эгерде сиз өзүңүздү сыйлай албасаңыз, башкаларды дагы сыйлай албайсыз. Махабатта дагы ошондой. Махабат сый, урмат болбогон жерде жашап кетиши кыйын.

3.Махабатты бапестөө керек

Албетте, ар бир үйдө идиш-аяк кагышат. Бирок, бул шартты ачууга алдырбай, сабырдуулук менен жеңе билүү кажет. Негизинен эле уруш менен талаштын арты жакшылык менен бүтпөйт.

4.Мейкиндикти сактабоо

Ар бир адамдын өзүнүн кандайдыр бир мейкиндиги болот. Ошол мейкиндикке сүңгүп кирип кетүүдөн алыс болуңуз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу