«Махабат көлүн» Айчүрөк менен Анжелика радиолорго жарыша заказ кылышып….

Айчүрөк менен Анжелика экөөнүн ортосундагы ыр үчүн болгон талаш, элдин назарын өзүнө буруп көптөгөн ой- пикирлерди жараткан эле.»Соттошсо, соттошом»,- деп жүргөн бул ырчылар эми бири- бирине атаандаш болуп жарыша ырдап чыгышканына караганда, соттошпой калышкан көрүнөт.

Эсиңиздерде болсо Айчүрөк Иманалиеванын Супер Инфонун түз эфирине келгенде «Махабат көлүн Анжеликага бердим, ырдабайм» деп  ырдоодон баш тарткан жайы бар. Эми минтип кайрадан жаздырып гана тим болбостон жакынкы арада клип да тартканы жатышканын уктук. Ийгиликтерди каалайбыз, бирок, радиолорго бири- биринен өтүшүп, заказ бергендей жарышкандары таң калдырууда. Мурда бул ыр анда-санда эле коюлса, азыр бирде Анжелика, анан көп өтпөй Айчүрөк айым ырдайт.

Айчүрөк менен Анжеликанын бир ырды талашып, жеке жашоолоруна чейин кийлигишип, эл алдында өз абийирлерин төккөнү аз келгенсип эми болсо радиолордон  жарыша ырдап чыккандан уялышпайбы?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу